Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

ИРАК:ДИПЛОМАТИЯЛЫК КҮРӨШТҮН КҮЧӨГӨН УЧУРУ


Ушул аптада АКШ менен Британия расмий түрдө БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракты куралсыздандыруу үчүн күч колдонууну караган жаңы резолюциянын долбоорун сунуштаары күтүлүүдө. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл дүйшөмбү күнү Пекинде кытай бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү.Ирактын бийликтери болсо учурда БУУнун "ал Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү талабын караштырып жатат.Ирак маселеси Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин Брюсселде дүйшөмбүдө башталган жыйынынын күн тартибинде бар.Франция менен Германиянын лидерлери да Иракка байланышкан дипломатиялык аракеттерин координациялоону дүйшөмбүнүн кечиндеги жолугушуусунда талкуулайт.

Ирак кризисин чечүүнүн жолдору боюнча кайчы көз карашта турган мамлекеттердин баары дипломатиялык аракеттерди улантууда. Маселен ,АКШ Британия менен биргелешип БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракты куралсыздандыруу үчүн күч колдонууну караган жаңы резолюциянын долбоорун берээр алдында эл аралык бул жогорку органдын калган мүчөлөрү менен консультацияларды өткөрүп жатат.Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин Пекиндеги иш сапары да ушул максаттарга багытталган. Вашингтон Ирак жана Түндүк Корея маселелери боюнча Кытайдын колдоосун алууга аракеттенүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Кытай - Иракты куралсыздандыруу үчүн бир тараптуу түрдө күч колдонулушуна каршы туруп келген өлкөлөрдүн бири. АКШ менен Британия жаңы резолюциянын долбоорун сунуш кылган күндө да Орусия, Франция менен бирге Кытайдын да ага вето коюу укугу бар. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Пекиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин "АКШ менен Кытайдын алакасы жаңы чекке кирди", - деп айтканы менен алар Иракка байланышкан талаш маселелерди макулдаша алганы же албаганы жакынкы күндөрү эле билинмекчи.Кытайдын вице-президенти Ху Цзиньтао Колин Пауэлл менен кездешкенден кийин Ирак кризиси саясий ыкмалар аркылуу чечилиш керектигин белгиледи. Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракты куралсыздандыруунун мөөнөтү келгенине токтолуп, Пекинден кабарчыларга буларды айтты:

- Негизги жүйөө - Ирак соңку төрт айдан алты айга чейинки аралыкта күч колдонуу коркунучу бар экенинен улам да, эл аралык коомчулуктун биримдигинен улам да эч нерсе кылбаганында. Азыр бул жоопкерчиликтен четтеп кетүүгө болбойт. Кандай жол менен болбосун Иракты куралсыздандырууга убакыт келди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин дагы бир туруктуу мүчөсү - Орусиядан президенттик администрациянын башчысы Александр Волошин учурда Вашингтондо жүрөт. А. Волошиндин президент Жорж Буш баш болгон америкалык расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Ал эми Орусиянын Иракка жиберген чабарманы, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Евгений Примаковду дүйшөмбү күнү Багдадда президент Саддам Хусейн кабыл алды. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн дагы бири – Франция болсо мурдагы позициясынан кайта элек. Өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик де Вильпен жекшемби күнү жергиликтүү "Фигаро" гезитинде жарыяланган маегинде Париж азырынча жаңы резолюцияга каршы болоорун кайра кайталады. Француз тышкы иштер министри белгилегендей, Иракка кысым көргөзүүнү күчөтүү керек, бирок күч колдонуу зарыл эмес. Франциянын Ирак маселесиндеги турумуна коңшусу - Германияныкы үндөш. Дүйшөмбүнүн түнүндө Берлинде өтүүчү сүйлөшүүлөрүндө француз президенти Жак Ширак менен немец канцлери Герхард Шрөдөр өз ара дипломатиялык аракеттерин координациялоо жөнүндө сөз кылат. Франциялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Париж Ирактагы инспекцияны чыңдоо жаатында БУУнун Коопсуздук Кеңешине багытталган жаңы сунуштарын жарыяламакчы.

Мунун аралыгында Ирак БУУнун курал- жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс койгон талапты иликтөөдө. Ханс Бликс өткөн аптада Ирактын дарегине жөнөтүлгөн катында алардан 1-мартка чейин "ал Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарын жок кылууну талап кылган. Инспекторлордун эсебинде, "ал Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарды учуу жөндөмдүүлүгү БУУ белгилеген чектен ашып кетет. Башкача айтканда,аталган ракеталар 150 чакырымдан алыс аралыкка уча алат. Ирактын өкүлү, генерал Хосам Мохамед Амин Багдаддагы басма сөз жыйынында алар БУУнун талабын терең иликтеп жатканына токтолуп, мындай деди:

- Биз 19-февралда жөнөткөн катыбызда ЮНВОВИКтен"ал Самуд 2 " ракеталарына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн адистерди жиберүүнү суранганбыз.Биз өз катыбызга жооп албадык. Буга кошумча,Бликс мырзанын 21-февралда жөнөткөн каты да биздин катка жооп берген жок. Анткен менен биз бул маселени АКШнын кийлигишүүсүз эле чече алабыз деген ишенимдебиз.

Ирак маселеси Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбү күнү Брюсселде башталган жыйынында да каралууда. Маалыматтарга караганда,бейрасмий сүйлөшүүлөрдө көбүнесе Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоору талкууланат. Жыйынга Араб Лигасынын жетекчилиги да чакыртылган.
Британ тышкы иштер министри Жек Стро Брюсселге келген учурунда билдиргендей, АКШ менен Британия БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракка күч колдонуу маселеси боюнча эки аптанын аралыгында чечим чыгарышы керек деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG