Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Миграция департаментинин делегациясы Орусиядан кайтып келди


БИШКЕК. 2-февралдан бери Орусиянын Сибирь регионундагы кыргыз эмгек мигранттары менен жолугушуп жүргөн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча мамлекеттик департаментинин делегациясы 23-февралда Бишкекке кайтып келди. Мындай кабар дүйшөмбүдө миграция боюнча мамлекеттик департаменттен алынды. Ал маалыматка караганда, миграция боюнча мамлекеттик департаменттин башчысынын орун басары Зафар Хакимов башында турган делегация Орусиянын Сибирь регионунун бир катар шаарларында болуп, ал жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугушкан. Жолугушууларда Орусия өкмөтү мигранттарга байланыштуу киргизип жаткан мыйзам тууралуу маалымат берилген.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG