Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

БУУнун Өнүктүрүү Программасы Акыйкатчы институтун калыптандыруу долбоорун ишке киргизди


БИШКЕК. 14-февралда БУУнун Бишкектеги үйүндө «Акыйкатчы институтун бекемдөө жана адам укуктары боюнча өлкө жарандарынын маалымдуулугун жогорулатуу» деген долбоорду талкуулоого арналган жолугушуу болду. Ага парламенттин, өкмөттүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү катышышты. Кыргызстанда адам укугун коргоо жана Акыйкатчы институтун калыптандырууга багытталган долбоор ПРООНдун демократиялык башкаруу боюнча тематикалык фонду тарабынан жактырылып, ага 140 миң доллар бөлүү жана аны ушул жылдын аягына чейин ишке ашыруу мөөнөтү белгиленген. Жолугушууда айтылган маалыматка караганда, долбоорду Акыйкатчы институту ишке ашырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG