Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Кыргызстандын Акыйкатчысы чет мамлекеттердеги кесиптештери менен тажрыйба алмашып келди


БИШКЕК. Польшадагы Омбудсман институту Кыргызстанда Акыйкатчы институтун калыптандырууга мыкты үлгү боло алат. 24-февралда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу ушундай пикирин айтты. Акыйкатчынын айтымында, ал 13-18-февраль күндөрү Украинадагы, Польшадагы, Грузиядагы жана Орусиядагы Омбудсмандардын иши менен таанышып, тажрыйба алмашкандан кийин ушундай бүтүмгө келген. Турсунбай Бакир уулунун билдиргенине караганда, Кыргызстандын Омбудсман институтунда коомдук кеңештер түзүлүп, ага белгилүү инсандар чакырыла баштады. Алардын бири - Мар Байжиев - коомдук кеңешчи катары ишке киришти. Мындан тышкары Акыйкатчынын регионалдык бөлүмдөрү түзүлө турган болду жана адам укуктарына арналган китептерди чыгарып, адам укуктарынын абалы тууралуу жылына бир жолу отчет берип туруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG