Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Кыргызстан жаңы уюмга кириши мүмкүн


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Евразия экономикалык шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов: «Орусиянын, Казакстандын, Беларустун жана Украинанын бирдиктүү экономикалык аймак түзүү аракети бизге ишемби күнү гана дайын болду», - деп билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү бул жаңы уюмга карата өз мамилесин иштеп чыга элек. Бирок Кыргызстан келечекте ага мүчө болуп кириши мүмкүн. Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин пикири боюнча, Орусиянын бирдиктүү экономикалык уюм түзүү аракети анын Украинага карата саясатына байланыштуу. Анткени Украина буга чейин КМШ аймагындагы Орусия башында турган уюмдарга кирген эмес. «Мына ушул бирдиктүү экономикалык аймак аркылуу Украинаны тыгыз кызматташууга тартуу аракети жасалууда. Бирок жаңы уюмдун түзүлүшү менен Бажы Биримдигинин, Евразия экономикалык шериктештигинин мындан ары иштешинин зарылдыгы жоголот», деди М.Иманалиев.

XS
SM
MD
LG