Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Оппозициялык партиялар Исмаил Исаковго байланыштуу билдирүү кабыл алышты


БИШКЕК. 24-февралда «Эркиндик», «Асаба» партиялары, Кыргызстан коммунисттик партиясы жана «Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы» атайын билдирүү кабыл алышты. Анда алар «Акаевди бийликтен кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын лидери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаковго каршы 20-февралдан 21-февралга караган түнү жасалган ээнбаштыкты айыптап, эл депутатын куугунтуктоо иштерин токтотууну талап кылышкан. Билдирүүдө «И. Исаковго жана анын үй-бүлөсүнө каршы жасалган ыплас иш акаевдик бийликтин саясий көкүтүүсү менен ишке ашты. Ошондуктан ага каршы иштерди токтотууну, ээнбаштыкты жасаган адамдарды таап, жазага тартууну талап кылабыз», деп айтылат.
20-февралдан 21-февралга караган түнү Исмаил Исаковдун үйүнө белгисиз бирөөлөр карамай куюлган пакеттерди ыргытып, дарбазасына, тосмолоруна эл депутатын кордогон сөздөрдү жазып кеткен. Бийлик өкүлдөрү оппозициянын айыптоосун четке кагып, И.Исаковдун үйүнүн айланасында болгон ишти тартип коргоо органдары иликтей тургандыгын билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG