Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

КМШНЫН 4 ӨЛКӨСҮ ТҮЗГӨН ЖАҢЫ РЕГИОНАЛДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК БИРИМДИК ЕВРАЗЭСКЕ КАРШЫ КЕЛБЕЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 19-20-февралда ЕврАзЭСке кирген 5 өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү, ишкерлери жана окумуштуулары Мосвада экономикалык форум өткөрүшүп, анда бул регионалдык экономикалык уюмдун ишин алга жылдыруу маселесин талкуулашты. Ага вице–премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баштаган Кыргызстандын делегациясы катышкан. Анын айтымында, делегация транзитке жана импортко квота киргизүү маселелерин көтөрүп, анын сунуштары форумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапкан. Орусия, Украина, Белорусия жана Казакстан түзгөн жаңы регионалдык бирикме тууралуу берилген суроого Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү Базарбай Мамбетов: “Ал ЕврАзЭСтин жана КМШнын максаттарына каршы келбейт”, - дейт.

ЕврАзЭСке кирген 5 өлкөнүн - Орусиянын, Белорусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү катышкан экономикалык форум «Интеграция, бизнес, прогресс» деген ураан астында өтүп, анда ЕврАзЭСтин ишин мындан ары жылдыруу, ага кирген өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды өз ара макулдашуу, бул өлкөлөрдүн ишкерлеринин кызматташтыгын чыңдоо жана алардын конкреттүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзүү маселелери талкууланды. Ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов, Москванын мэри Юрий Лужков жана башка бир топ жооптуу адамдар катышты. Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, Кыргызстандын делегациясы форумда өтө маанилүү деп эсептелген 2 маселени көтөргөн.

- 1998-жылы КМШ өлкөлөрү «Транспорт катнаштары тууралуу» келишимге кол коюшкан. Келишимдин маңызы - транспортту тоскоолдуксуз, уруксат кагаздарысыз өткөрүүгө багытталган. Тилекке каршы бул келишимди Белорусия жана Казакстан ратификациядан өткөрө элек. Ошондуктан келишим иштебей, ЕврАзЭС да, КМШга да кирген өлкөлөрдүн экономикалары зыян тартып жатат. Биз ушул маселени койдук. Форумда биздин сунуш түшүнүү менен кабыл алынды.

Вице-премьердин айтымында, Кыргызстандын делегациясы кошуна өлкөлөр квота киргизип, Кыргызстандын экспортун чектегенин да айтып чыккан. Мисал катары ал цементке жана айыл чарба продукциясына киргизген Казакстандын квотасын эске салды. «Форумда бул чектөөлөрдү алып салуу тууралуу биздин сунушубузду ишкерлер колдоп чыкты», - деди ал.

Ал эми Базарбай Мамбетовдун сөзүнө караганда, Казакстандын президенти тамак-аш коопсуздугунун проблемасын көтөргөн. Назарбаевдин айтымында ЕврАЗЭСке кирген өлкөлөр өзүн-өзү тамак-аш менен толук камсыз кыла алат. Бирок ошого карабай эле чет өлкөлүк тамак-аш азыктары көбөйүп кетти жана анын айынан бул өлкөлөрдүн айыл чарбасы өнүгө албай жатат. Ошондуктан казак президенти ЕврАзЭСтин рыногун чет өлкөлүк экспансиядан коргоо тууралуу сунуш киргизген.

Кубанычбек Жумалиев форумдун учурунда 5 өлкөнүн ишкерлери бири-бири менен жолугушуп, конкреттүү долбоорлор жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Анын айтымында форумга «Кыргызалтын» акционердик коомунун өкүлдөрү да барып, алар Кыргызстандын айрым алтын кендерин орусиялыктар менен бирге иштетүү тууралуу сүйлөшүү өткөрүшкөн. Ошондой эле анда Камбарата ГЭСтери боюнча да сөз болгон. Бул сүйлөшүүлөр кандай аяктагандыгы тууралуу Кубанычбек Жумалиев эч нерсе айткан жок. Форумда конкреттүү чечим кабыл алынган эмес. ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетинин келерки жыйыны 27-февралда болот, ошондо тиешелүү чечимдер кабыл алышы мүмкүн.
Жекшемби күнү КМШнын 4 ири өлкөсүнүн президенттери жаңы экономикалык бирикме түзгөнүн жарыя кылгандыгын айтып, «Буга кыргыз өкмөтүнүн позициясы кандай, жаңы бирикменин түзүлүшүнөн кийин ЕврАзЭСтин тагдыры эмне болот?» деп сураганыбызда Базарбай Мамбетов мындай деди:

- Чынында эле Орусия, Украина, Белорусия жана Казакстан Бажы биримдигин түзүү тууралуу келишимге кол коюшту. Бул бизге форум бүткөндөн кийин ишемби күнү белгилүү болду. Жаңы регионалдык экономикалык бирикме КМШнын жана ЕврАзЭСтин максаттарына каршы келбейт. Аны экономикалык деңгээли боюнча бирдей өлкөлөр түзүп жатышат. Алар бажы тарифтерин тез макулдаша алат. Жаңы түзүлгөн бирикменин бир өзгөчөлүгү – аталган 4 өлкө улуттук, мамлекеттик органдардын үстүндө турган, аларга баш ийбеген атайын орган түзүп жатышат. Бирикменин канчалык натыйжалуу болоорун мезгил көрсөтөт.

Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, кыргыз өкмөтү бул регионалдык бирикме тууралуу өз позициясын аныктай элек. Ал келечекте Кыргызстандын мындай бирикмеге кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Массалык маалымат каражаттары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ЕврАЗЭСтин мамлекеттерин 2011–жылга чейин бирдиктүү валютага өткөрүү тууралуу да сунуш киргизгенин айтып чыгышкан болчу. Бул тууралуу Кубанычбек Жумалиев мендай дейт:

- Бул азырынча сунуш гана. Биз буга эртедир-кечтир келебиз деп ойлойм. Мындан өлкөлөр утушат. Бирок муну күчкө салып жасоого болбойт. Бул акырындап чечилиши керек. Ошондуктан биз бул сунушту колдойбуз.
XS
SM
MD
LG