Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Молдовада да нааразылык акциясы болуп өттү


Мында жети миң чакты киши өлкөнүн коммунист жетекчилигине каршы демонстрация өткөрүп, өкмөттүн саясаты демократияны белден басып жатат деп ырасташты. Молдованын, Евросоюздун жана АКШнын байрактары желбиреген демонстрацияны борборчул-оңчул сегиз чакан партия уюштурду.
Өткөн аптада бир нече солчул партия борборчул-оңчулдарды тең салмактоочу фракция түзүшкөнүн жарыялаган. Молдова Европадагы эң жарды өлкө, мында орточо айлык 50 долларды түзөт.


Жаңыл Жусубжан, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG