Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Мадридде он миңдеген киши экологиялык кырсык үчүн бийликтерден жоопкерчиликти талап кылды


Полиция демонстрацияга 100 миң киши катышты десе, уюштуруучулар мындан бир нече эсе көп киши келди деп ырастады.
Ноябр айында Багам аралына тийешелүү болгон кеме чөгүп, 25 миң тонна кою кара май деңизге төгүлгөн. Бул Испаниянын тарыхындагы эң каргашалуу экологиялык кырсык болуп калды. Мунай тагы Испания менен Франциянын жүздөгөн чакырым жээгин булгады. Азыр кеме Испаниянын түндүк-батыш жээгинен 270 чакырым аралыкта калкып жүрөт.

XS
SM
MD
LG