Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Малайзиянын өкмөт башчысы Батышты сынга алды


114 бейтарап мамлекеттин президенттери, өкмөт башчылары жана падышалары бүгүн Малайзиянын борбору Куала Лумпурда самитке чогулушту.
Ар үч жылда бир өтүүчү самитти ачып жатып, конок ээси, Малайзиянын премьер-министри Махаткир Мохаммад Батыш өлкөлөрүн "терроризмге каршы күрөш деген шылтоо менен, түсү буруу элдерге үстөмдүгүн орнотууга далалаттанып жатат" деп айыптады. Ал ошондой эле согушка каршы оюн билдирип, глобалдык куралсызданууга чакырды.
"Дүйнө жүзү бүгүн Чыгыш менен Батыш тирешип турган Кансыз согуштун мезгилинен да жаман тополоң-тозго туш келди. Кансыз согуштан кийинки үмүттөр таш капты. Азыр террористтер менен анти-террористтер бир бирин кокодон алып, сокурлача арбашып турган чакта, бейкуттук жакын арада орнобой калды", - деди Малайзиянын өкмөт башчысы.
Нейтралдуу мамлекеттерде дүйнө калкынын 55 пайызы жашайт.

XS
SM
MD
LG