Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Сербиялык ашынган улутчул Бириккен Улуттар уюмунун Гаагадагы Согуш трибуналына өзү келип берди


Бүгүн эртең менен Белграддан учуп келген Шешел абакка отургузулганын трибуналдын маалымат кызматы бышыктады.
Трибунал ага Боснияда, Хорватияда жана Сербиянын Войводина провинциясында киши өлтүрүп, туткундарды кыйнаганы жана башка адамзатына каршы жана согуш кылмыштары үчүн айып койгон. Шешел Сербияда декабрь айындагы президенттик шайлоодо экинчи болуп келген эле.
Өткөн түнү Белградда өзүн колдоп чогулган 10 миң чакты кишиге кайрылып, Шешел бул сөздөрдү айтты:
- Мен Гаагага Серб Радикал Партиямдын 10 миңден ашык демилгечилеринин атынан баратам, мен согушта серб элинин боштондугу үчүн эр жүрөктүүлүк менен күрөшкөн, биз Шешелдин элибиз деген серб баатырларынын атынан баратам.
Гаага трибуналында Шешелдин иши качан карала баштаары жарыялана элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG