Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРА КЕЛИШИМИН КАРООНУ УЛАНТТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча сот жараянын кароону улантты. Ушул эле күнү Конституциялык Соттун имаратынын алдында нааразылык акциясы уюштурулду.

24-февралдагы сот жараянында тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Кыдыкбек Исаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов аткаруу бийлигинин таламын талашып сөз сүйлөштү. Ошондой эле алар Конституциялык Соттун судьяларына жана доогер депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Бул күнкү сот жараянында каршылашкан тарап «1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдерине чейин Кыргызстандын Кытай менен чек арасы болгонбу? Жогорудагыдай келишимдердин негизинде Кыргызстандын чек арасы өзгөрдүбү же жокпу? Кыргыз-кытай чек ара келишими Жогорку Кеңештин кош палатасында кандай ратификацияланышы керек?» деген суроолордун тегерегинде талашып-тартышты.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун пикиринде, буга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекеттик чек ара болгон эмес. Совет мамлекети менен Кытайдын ортосундагы талаш-тартыштуу чек ара жерлери 1996-1999-жылдагы чек ара келишимдеринин негизинде такталган. Ал келишимдердин негизинде «Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда чек ара сызыгы биринчи жолу орнотулгандыктан Жогорку Кеңештин кош палатасында жөнөкөй көпчүлүк менен ратификацияланган» деген пикирин айтты.

Ошол эле мезгилде Аскар Айтматов депутат Исмаил Исаковдун «Совет мамлекети менен Кытайдын ортосунда чек ара болгонбу?» деген суроосуна «чек ара болгон» деп мойнуна алды.

- Кытай менен Совет мамлекетинин ортосунда чек ара болгон. Ар кандай беш жерде талаш-тартыштуу жер участоктору орун алган. Ал талаш-тартыштар соңку келишимдердин негизинде чечилди, - деди Аскар Айтматов.

Тышкы иштер министринин мындай жообу депутаттарды канааттандырган жок. Ошондой эле депутаттардын «мына ошол талаш-тартыштуу жерлер кайсы эл аралык документтерде көрсөтүлгөн?» деген суроосуна жүйөлүү жооп болгон жок. Ал эми Ишенбай Кадырбековдун «Кыргызстандын 130 миң гектарга жакын жери Кытайга өткөндүктөн, Кыргызстандын чек арасы өзгөрүлгөн жокпу?» деген суроосуна Аскар Айтматов «өзгөрүлдү» деп жооп берди. «Бирок ал өзгөрүү мурдагы талаш-тартыштуу жерлерди тактап, жаңы чек ара сызыгын орнотуу максатында жүргүзүлдү», - деп кошумчалады Аскар Айтматов.

Түшкү тыныгуудан кийинки сот жараянында Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Кыдыкбек Исаков маалымат берди. Дагы эле каршылашкан тараптар мурдагы суроолордун тегерегинде ар түрдүү өңүттөн талашып-тартышышты. Ушул эле күнү биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов маалымат берип, «Совет биримдиги Орусия империясынын мураскору боло албайт. Ошондуктан, 1884-жылкы Кытай менен Орусия империясынын ортосундагы келишим юридикалык күчкө ээ эмес» деген пикирин айтты. Курманбек Осмоновдон соң, президенттик администрациянын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, кеп кезеги кайрадан жыйынтыктоочу сөздү сүйлөөгө оппозициялык маанайдагы депутаттарга берилди. Доогерлердин сунушу менен сот жараяны шейшемби күнү улантыла тураган болду.

Дүйшөмбү күнү Конституциялык Соттун имаратынын алдында айрым саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын он чакты өкүлү нааразылык акциясын уюштурушту. Алар «Кыргыз жери Кытайга сатылбасын», «Үзөнгүкууш Кытайга берилбесин» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Мындай акциясынын максаты тууралуу аны уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Т. Акун айтып берди.

- Сот жараяны Конституциялык Сот тарабынан калыс каралсын, Кытайга кыргыз жери берилбесин деген максатта пикетке чыктык, - деди Турсунбек Акун.

Ал эми сот жараянынын жүрүшү тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова буларды кошумчалады:

- Буга чейин бийлик өкүлдөрү «бизде эч кандай мамлекеттик чек ара болгон эмес» деп айтып келишти. Мына бүгүн гана тышкы иштер министри Аскар Айтматов «Кытай менен Совет мамлекетинин ортосунда чек ара болгон» деп мойнуна алып, «беш жерде талаш-тартыштуу жер участоктору болгон» деп айтты. Бирок ал талаш-тартыштуу жерлерди далилдеген документтерди көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан менимче бийликтин келтирген аргументтери өтө жетишсиз.

XS
SM
MD
LG