Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

ЖОН О’КИФ: «ИРАК МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИЛИШИ БИР ГАНА САДДАМ ХУСЕЙНДИН ӨЗ КОЛУНДА ТУРАТ»


АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жон Мартин O’Киф «Азаттыктын» кабарчысынын Кыргызстандагы жана Ирактагы кырдаалга байланыштуу суроолорума жооп берди.

- Урматтуу Жон О” Киф мырза, 2-февралдагы референдумда Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды. АКШнын расмий бийлиги жана коомчулугу Конституциянын жаңы редакциясы Кыргызстанда демократиялык процесстердин өнүгүшүнө жол ачат деген ишенимдеби?

- Менин оюмча, бул биринчи кезекте ошол мыйзамдардын ишке ашырылышына көз каранды. Эгерде Конституциянын жаңы редакциясына киргизилген жаңы жоболор укуктар менен эркиндиктердин корголушуна жакшы шарт түзсө, алар иш жүзүндө турмушка ашса, демек ал жакшы жардам бергени. Экинчиден, бул ошол мыйзамдарды соттор кандайча чечмелей турганына да көз каранды. Мен Кыргызстандын жарандары жана Омбудсманы Конституциялык Сотко адам укуктарынын бузулушу жана башка маселелер боюнча эркин кайрылат деп үмүт кылам.

- Конституциянын жаңы редакциясынын референдум өткөрүү жарыялангандан кийинки 20 күндүн ичинде кабыл алынышына АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өкүлү Дуглас Дэвидсон, АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгү кабатырлангандыгын билдирди. Бирок Кыргызстандын бийлиги ага «бул айтылган пикирлер негизсиз» деп жооп кайтарды. Мындай көрүнүш Кыргызстан менен АКШнын мындан аркы мамилесине кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

- Кыргыз мамлекети менен Америка мамлекетинин ортосундагы мамилелер өтө кеңири жана көп тараптуу. Жалпысынан аларды жакшы деп бааласа болот. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун пикиринен башкача көз карашта болууга Кыргызстан укуктуу. Ошол эле убакта биздин мамлекеттердин ортосунда чогуу иштешкен көп багыттар бар. Буга абдан жакшы эки мисал бар. Биринчиси - Кыргызстан Американын, Швейцария өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк Банктын жардамы менен саламаттык сактоо тармагында реформа жүргүзүп жатат. Экинчиси - элге билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформа. Буга жогорку окуу жайларына студенттерди кабыл алуу жана кандай студенттерге стипендия ыйгаруу маселеси боюнча биргелешип иштеп жаткан алгачкы тажрыйба мисал болот. Бул багытта мындан ары да чогуу иштешебиз.

- Эми Кыргызстандын элин жана жалпы эле дүйнө коомчулугун түйшөлтүп турган Ирак маселесине кайрылсак. АКШ менен Ирактын ортосундагы таймаш өтө курчуп, НАТОго кирген мамлекеттердин ортосунда кайчы көз караштарды жаратты. Европа Биримдиги «Иракка согуш ачуу дипломатиялык бардык ыкмалар колдонулуп бүткөндөн кийинки акыркы кадам болуш керек» деген пикирге келип жатат. Мындай карама-каршы мамилелер Ирактын президенти Саддам Хусейндин режимине каршы күрөштө АКШны жалгыз калтырбайбы?

- АКШ да «дипломатиялык ыкмалардын бардыгы колдонулуп бүткөндөн кийин гана чатак согуш менен чечилиши керек» деген көз карашта. Бул боюнча союздаштар менен көз карашыбыз бирдей. Саддам Хусейнге күч колдонуу коркунучун көрсөтмөйүнчө ал эч качан чогуу иштешүүгө барбасын биз мурдагы тажрыйбабыздын негизинде жакшы билебиз. Бул маселенин чечилиши бир гана Саддам Хусейндин өз колунда турат. Эгер ал өзүнүн мамлекетин куралсыздандырса жана биздин сунуштарды кабыл алса - анда эч кандай согуштун кереги жок, согуш болбойт. НАТОнун мүчөлөрүнүн ортосунда бул маселе боюнча ар башка көз караштар бар экендигине карабастан, жалпысынан НАТОго мүчө болгон көп мамлекеттер менен Америка Кошмо Штаттарынын көз караштары бирдей.

- Ирактын президенти Саддам Хусейндин диктатордук, согушчан режими белгилүү. Бирок ал жердеги куралдарды иликтеген эл аралык инспекторлордун билдирүүлөрү дүйнө коомчулугун чын эле массалык кыргын салуучу куралдар бар экендигине анча ынандыра албай жатат. Эгер эл аралык инспекторлор Иракта массалык кыргын салуучу куралдар бар экендигин толук далилдей албаса, АКШ өз чечиминен кайтышы мүмкүнбү?

- Бул жерде эң негизги маселе мында - Саддам Хусейн 1991-жылдан кийин өз өлкөсүндө химиялык жана биологиялык куралдардын миңдеген тонна запасы бар экендигин жарыя салган. Биз азыр андан ошол өзү «бар» деп мойнуна алган куралдардын жок кылынганын айкындаган далилдерди талап кылып жатабыз. Эгер ал куралдарды жок кылгандыгын айкындаган далили жок болсо, анда ошол куралдардын өзүн көрсөтүүгө тийиш. Биз баса белгилей кете турган нерсе - Саддам Хусейн ал куралдарды куралсыз адамдарга, аялдарга, балдарга жана Ирактагы күрддөргө каршы колдонгон.

- Кыргыз коомчулугу «Иракка чабуул коюу үчүнчү дүйнөлүк согуштун тутанышына жол ачат жана ал дүйнөнүн эки бөлүнүшүнө алып келет» деген кооптонууда турат. Мындай маселеге АКШнын катардагы жарандарынын мамилеси кандай?

- Менимче, Америка Кошмо Штаттарынын жана башка мамлекеттердин эли Саддам Хусейнге каршы эч кандай күч колдонбоонун баасы өтө кымбат экендигин жакшы түшүнүшөт. Себеби, террористтик уюмдардын колуна тийип калышы мүмкүн болгон массалык кыргын салуучу куралдардын жоготулгандыгы жөнүндө Саддам Хусейн эч кандай далилдерди берген жок. Эгер ушундай согуш болуп калса көптөгөн мамлекеттердин эли бизди колдойт. Мындай согуш дүйнөнүн эки бөлүнүшүнө алып келбейт. Андан тышкары, көптөгөн мамлекеттердин өкмөттөрү биз менен бирге болушаарына мен ишенем.

- «АКШнын Иракты куралсыздандыруу аракетине ал жердеги массалык кыргын салуучу куралдардын болушу эмес, Ирактагы мунай кендери башкы себеп болууда» деген ой да айтылып жатпайбы. Буга АКШнын жараны катары көз карашыңыз кандай?

- Европадагы бир катар мамлекеттердин журналдары бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүшкөн. Андагы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы Ирактагы чабуулга кетчү жана андан кийин аны кайра калыбына келтирүүгө кетчү чыгымдардын баарын кошкондо Ирактын мунайынан түшө турган пайдадан бир нече эсе жогору болоорун аныкташкан. Ошондой эле биз, 1991-жылкы согуш учурунда Иракка каршы түзүлгөн коалициянын мүчөлөрү, Ирактын аймагына көзөмөлдүк кылып турганбыз. Бул маселенин түпкү максаты мунай эмес экендиги ошондо эле түшүнүктүү болгон. Азыр согуш болсо деле анын башкы максат мунай болбойт.

- Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов «Ирак чатагынын ырбашы дүйнө коомчулугунун эсинен Ооганстанды чыгарып жатат, бул өз кезегинде ал жердеги террористтик топтордун кайрадан күч алышына жол ачышы мүмкүн» деген оюн билдирди. Чынында эле ушундай абал пайда болушу мүмкүнбү?

- Ооганстан маселесине келсек, албетте, террористтик күчтөр Ооганстандын өзүндө же ага коңшулаш мамлекеттерде кайра күч алышы толук мүмкүн. Ошондуктан, биз да, эл аралык коомчулук да Ооганстандын проблемасын көнүлдөн чыгарбашыбыз керек.
XS
SM
MD
LG