Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

ИРАК МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ЭКИ БАШКА СУНУШ


Нарын АЙЫП, Прага 24-феврал күнү кечинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине эки башка документ тапшырылды. Анын бири - Иракка каршы күч колдонууну жактырган жана Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алына турган резолюциянын долбоору. Экинчи документ - Иракты куралсыздандыруу багытында мүмкүн болушунча тынчтык ыкмаларын колдонууну талап кылган меморандум.

Иракка каршы күч колдонууга уруксат берүүнү Коопсуздук Кеңешинен Америка Кошмо Штаттары, Испания жана Улуу Британия суранууда. Алар даярдаган резолюциянын долбоорунда - куралсыздануу багытында Ирак акыркы мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок, ошондуктан, Коопсуздук Кеңеши өткөн ноябр айында кабыл алган резолюциянын негизинде ага каршы күч колдонуш керек деп айтылат. Андай күч колдонуу - Бириккен Улуттар Уюмунун хартиясынын 7-беренесинин негизинде мүмкүн.

Улуу Британиянын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жереми Гриинстоктун айтымында, Багдадка каршы согуш ачуудан башка эч арга калган жок: "Ооба, биз Кеңештен катуу чечим кабыл алууну сурап жатабыз. Кеңеш мүчөлөрү азыркы учурда андай чечимге көп ынанбай турат. Аны мен түшүнө алам. Бирок ноябр айында кабыл алынган Бириккен Улуттардын 1441-резолюциясын аткаруу үчүн, Ирактын өз демилгеси менен, ыктыярдуу түрдө жана тынчтык ыкмалары менен куралсызданууга акыркы гана мүмкүнчүлүгү бар".

Ошол эле 24-февралда Коопсуздук Кеңешине Алмания, Орусия жана Франция тарабынан даярдалган меморандум да келип түштү. Ал меморандумда Ирактын аскерий өндүрүшүн текшерип жаткан эл аралык инспекторлорго дагы убакыт берилүүгө тийиш жана Багдадга каршы согуш баштоого азырынча эч негиз жок деп айтылат.

Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин айтымында, Иракты куралсыздандыруу үчүн инспекциядан башка жакшы жол жок: "Күч колдонгонго караганда, инспекторлордун иши - Иракты куралсыздандыруу багытында улам жылыш жасап отуруп, тынчтык ыкмалары менен ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Менин оюмча, дал ушундай жол менен биз өз максатыбызга эң ылдам жана коопсуз жете алабыз".

Эл аралык текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликс эми Коопсуздук Кеңешине 7-март күнү үчүнчү отчет берүүгө тийиш жана даярдалган эки документти талкуулоого дагы убакыт бар. Бирок Коопсуздук Кеңешине туруктуу беш мүчө-мамлекеттин үчөө - Кытай, Орусия жана Франция - согуш баштоого каршы чыгып жатканы өтө маанилүү, анткени алардын кимиси болбосун резолюцияга вето салып, аны өткөрбөй коюшу мүмкүн. Андан тышкары, феврал айында Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган Алмания дагы аскерий аракет көрүүгө каршы.

14-февралда жасалган экинчи отчет учурунда Ханс Бликс - Ирак өкмөтү инспекторлор менен кызматташууда деп айткан жана Франция азыр Бликстин дал ошол сөздөрүнө таянууда. Анткен менен, андан бери абал өзгөрдү жана 21-февралда ошол эле Ханс Бликс Ирак өкмөтүнө эскертүү жасап, өлкөдөгү "Аль-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарды 1-мартка чейин жок кылууну талап кылды. Бириккен Улуттардын эксперттеринин айтымында, аталган ракетелар - 1991-жылы Иракка каршы коюлган 150 чакырымдык чектен алыс уча алат. Жаңы талап боюнча, өлкөдө өндүрүлгөн ондогон андай ракеталар, алардын дүрмөттөрү, кыймылдаткычтары жана отуну да жок кылынууга тийиш. Эгер Бликстин бул талабын Багдад аткарбаса, ал эл аралык инспекторлор менен кызматташпаган болот.

Ирак өкмөтүнүн айтымында, "Аль-Самуд" ракеталары белгиленген чектен 10, ашып кетсе 20 чакырымга гана алыска уча алат жана ал өтө деле чоң кылмыш эмес. Бул факт инспекторлорго 14 февралга чейин эле белгилүү болчу жана Бликс аны өз отчетунда чоң маселе кылып көтөргөн эмес. Бирок эми бул ракетелар маселеси чечүүчү факторго айланышы мүмкүн, анткени Ирак президенти Саддам Хусейн 24-февралда америкалык сыналгынын кабарчысы менен маектешип, "Аль-Самуд" ракеталарын Багдад жок кылбайт деп билдирди. Саддамдын мындай чечими эми анын өзүнө каршы пайдаланылышы мүмкүн. Анын интервьюсу обого АКШнын "Си-Би-Эс" сыналгысы аркылуу 26-февралда чыгат.
XS
SM
MD
LG