Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Премьер-министр Н. Танаев Ысыккөл облусунда иш сапары менен болду


КАРАКОЛ. 25-февралда премьер-министр Н. Танаев Ысыккөл облусунда иш сапары менен болду. Өкмөт башчысын Чолпоната шаарынан облустун губернатору Эмилбек Анапияев баштаган коомчулуктун өкүлдөрү тосуп алышты. Премьер-министр Чолпоната шаарындагы балдардын ден-соолугун чыңдоочу «Алтын балалык» борборунун курулушу менен таанышты. Ошондой эле ал Орусиянын Москва шаарынын өкмөтү менен Кыргызстандын ортосунда экономикалык кызматташтык байланышты чыңдоо максатында түзүлгөн келишимдин негизинде курулуп бүтө турган Ысыккөл районундагы Тамчы аэропортунда болду. Өкмөт башчысынын облустагы атайын иш сапары 3-4 сааттык гана убакытты алды. Ошондон улам алдын-ала түзүлгөн иш-чаралар толук аткарылган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG