Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Италиядагы иш сапары улантылууда


БИШКЕК. Ушул күндөрү Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Италиянын борбору Рим шаарында Координациялоо боюнча жогорку деңгээлдеги форумдун ишине катышууда. Дүйнөлүк Банк, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму, Азия Өнүктүрүү Банкы жана башка бир катар эл аралык финансы уюмдары тарабынан уюштурулган бул жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Жыйында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө донордук жардам көрсөтүүнүн механизмдери талкууланууда. Кыргызстандын вице-премьери Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруу директору менен, Италиянын өкмөт мүчөлөрү жана бул өлкөнүн бир катар провинцияларынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да жолугушмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG