Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Н. Танаев президент А. Акаев азырынча өкмөттүн ишине нааразы эмес экенин айтты


БИШКЕК. «Азырынча өкмөттүн ишине президент Аскар Акаевдин нааразычылыгы жок. Бирок биз ишибиздин натыйжалуулугун арттырышыбыз керек. Анткени жакынкы 2-3 айдын ичинде бизден талап болот». Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев 24-февралдын кечинде өкмөт мүчөлөрүнүн, губернаторлордун катышуусу менен өткөрүлгөн селектордук кеңешмеде ушундай деп билдирди. Премьер-министр губернаторлордон Орусия менен кызматташууну күчөтүүнү, ал эми Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен ири ишканалардын ишин камсыз кылууну талап кылды. Премьердин айтымында өкмөт тышкы инвесторлордун келишин күтпөстөн эле быйыл Камбарата-2 ГЭСин курууну баштайт. Николай Танаев 2003-жылы ички дүң продукцияны 8-10% өстүрүүнү көздөп турат. Бирок өткөн жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда гана ички дүң продукциянын көлөмү азайган.

XS
SM
MD
LG