Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ, КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ, КАРООСУЗ ЭСТЕЛИК, АЛКЫМЫ ЧОҢ АДМИНИСТРАЦИЯ


Кыргыз басылмаларына баяндама.

“Кыргызгаз” акционердик коому Канттагы цемент-шифер комбинатына “көгүлтүр от» бербей койгонун шейшембиде «Моя столица” гезити кабарлады. Журналист Лариса Линин маалымдоосуна караганда, газды токтотуп коюуга комбинаттын буга чейин төлөбөй келген карыздарынын көбөйүп кетиши себеп болгон. Канттагы цемент-шифер комбинаты “Кыргызгазга” 29 миллион сомдон ашуун акча төлөмөр. “2003-жылга парламентти кармоого бүйүжеттен 110 миллиондон көп акча бөлүнөрүн маалымдаган элем,- деп жазат Юрий Гребенников.- Бирок таңданткан нерсе бул. Парламент көп акчаны кантип сарптаганын жазган “Вечерний Бишкек” гезити президенттик администрация андан көп акчаны жумшаарын негедир байкамаксанга салат. Президенттик администрацияга парламентке караганда 2,5 эсе, Улуттук академиядан 5 эсе көп акча бөлүнөт. Бүйүжет чачуу 7-кабаттан – “Акүйдүн” өзүнөн башталат”. “Кыргызстан дүйнөдөгү абыдан коррупциялашкан 12 өлкөнүн, Пакистан, Өзбекстан, Азербайжан, Камерундун катарына кирет”,- дейт Юрий Гребенников. Президент Акаев өкмөт мүчөлөрүнүн алдына конкрет милдеттерди коюп, өнүгүүнүн стратегиясын аныктайт. Бирок алардын көбү кагаз жүзүндө эле каларын Вячеслав Тимирбаев «Виртуалдуу жыргалчылык» деген макаласында ырастайт. Автордун айтымында, 1998-жылы Акаев Кубанычбек Жумалиевдин жаш өкмөтүнө 7 тапшырма чегерген, аларды 3 жыл ичинде ишке ашырууну белгилеген. 9 айдан кийин өкмөт отставкага кетирилди.

Жакырчылыкты жоюуга арналган улуттук форумдагы президенттин сөзү шейшембидеги «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттеринде жарыяланды. Алабука районунун Сайипбуланындагы Шахфазил эстелигин бузбай сактап калуу зарылдыгы белгилүү археологдордун “Шахфазилге ким жардам берет?” деген кайрылуусунда айтылат. Соңку жылдары эстеликтин сырты көчүп, тарыхый табериктин сыны кетүүдө, деп жазышат археологдор “Слово Кыргызстана” гезитинде. Эстеликти карап, ага камкордук кылган киши жок. Ушу тапта Кыргызстандагы АКШ элчилигинин көмөгү менен эстеликти калыбына келтирүү иши башталганы туру. Бирок бул иштин башталышы гана, дешет кайрылуу ээлери.

“Агым” гезитинин шейшемби күнкү санында Түгөлбай Казаковдун «Көчө тили – мамлекеттик тил эмес” деген макаласы жарыяланды. “Кыргыз тили мамлекеттик тил болуш үчүн – мамлекеттик бийликтегилер өз жыйындарын, иш кагаздарын, эл аралык жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү, мамлекеттер аралык келишимдерди жана башка көптөгөн иштерди кыргыз тилинде жүргүзүшү керек», дейт макаланын автору. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкүсү келбегендер көп экени депутат Кубат Байболовдун гезиттеги маегинде баяндалган. “Коррупция коомубузда көзкөрүнөө, үстүртөн жатат. Жогорку деңгээлдеги коррупцияга белчесинен малынгандар атүгүл мамлекеттик бийик деңгээлдеги саясатты калыптап жатат,- дейт Кубат Байболов.- Азыр аларга каршы күрөшмөк турсун, ушундай маалымат бар дегендерди баса калып жеп койгонго алардын күч-кубаты жетет. Коррупцияга каршы күрөшөбүз деген органдар биринчи кезекте ошол көмүскө кылмыштарга аралашып алган».

Конституциялык сотто Үзөңгүкууш талашы каралып жатканы, республиканын башкы сотунун алдында өтөле опрутал, жооптуу маселе турганын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде Артем Петров жазып чыкты. Анын айтымында, эгер Кыргызстандын чек арасы өзгөрүп, кыргыз-кытай чек ара келишими жокко чыгарылса укуктук туңгуюк келип чыгат.

Кыргызстан Американын бир штаты боло алабы, деген суроонун тегерегинде журналист Нургазы Анаркулов ой жүгүрткөн. Анын «Саясаттагы санаркоо» деген макаласы «Аалам» гезитинин 25-февралдагы санында жарыяланды. Автордун оюнча, Кыргызстанды кошуп алууга Кошмо штаттар кызыкдар деле эмес. Гезитте парламент депутаттары Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаковдун маектерине да орун берилген. Исмаил Исаков бийлик кысымына карабастан позициясын өзгөртпөй тургандыгын билдирген. «Алса үйүн, машинасын алышар, ал эми менин позициямды эч качан ала албайт», дейт депутат.

“Кедейлик кемтик эмес, аны жеңүүгө болот» деген аталышта жакырчылыкты азайтууга арналган улуттук форум тууралуу баяндама «Эркинтоо» гезитинде жарыяланды.
XS
SM
MD
LG