Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Литвада "Референдумдар жөнүндөгү" мыйзам өзгөртүлдү


Буга чейинки мыйзамдын талаптарына ылайык, референдум өттү деп табылыш үчүн ага катталган шайлоочулардын жөнөкөй көпчүлүгү катышуусу керек эле. Бирок, катталган шайлоочулардын референдумга коюлган маселени үчтөн бир бөлүгү эле жактаса ал жараксыз болмок. Эми Литванын парламенти мыйзамга референдумга коюлган маселени ага катышкандардын жөнөкөй көпчүлүгү колдосо эле жарактуу деп табылаарын караган, талап кылынса добуш берүүнүн убактысын узартууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү киргизди. Литвада өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча жалпы элдик референдум май айында өтөөрү күтүлүүдө.

Улан Эшматов , Прага

XS
SM
MD
LG