Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:44

Түштүк Кореянын жаңы президенти Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарын өнүктүрбөөгө чакырды


Но Му Хен шейшемби күнү Сеулда ант берүү салтанаты учурунда сүйлөгөн сөзүндөТүндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасын "бүткүл дүйнө үчүн олуттуу коркунуч" деп мүнөздөдү:
-Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын өнүктүрүп жатат деген күмөн саноолор - Корея жарым аралына, Түндүк-Чыгыш Азияга эле эмес жалпы дүйнөгө олуттуу коркунуч туудурууда. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарын өнүктүрүүсү эч убакта кубаттоого алынбайт.Түндүк Корея өзөктүк куралдарын өнүктүрүүнү токтотушу керек.
Мунун алдында Түндүк Корея өткөн түнү тактикалык ракетаны сыноо ирээтинде учуруп, ал Жапон деңизине кулаган. Ошондой эле, бүгүн Пхеньян Вашингтонду америкалык чалгынчы учак алардын аба мейкиндигин бир нече жолу бузганы үчүн айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG