Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

ШИЙИТТЕР САДДАМДЫ ЖЕК КӨРӨТ, СОГУШТАН КАМСЫГАТ


Иракта калктын басымдуу көпчүлүгү – 72 проценттен ашыгы араптар, алардын арасында шийиттер астамдык кылат. Бирок Саддам Хусейн бийликке келгенден бери өлкөнү өңчөй сүннүлөр башкарат. Ал эми шийиттер болсо режимдин зобун-зомбулугуна кабылып, алардын миңдеген өкүлдөрү коңшулаш мусулман өлкөлөрүнө, айрыкча Кувейтке, Сауд Арапстанга, Иранга жер которуп кетишкен. Азыр алардын көбүн Ирактагы режимди алмаштырууну көздөп жаткан Кошмо Штаттардын пландары абдан үмөткөр кылууда, ошол эле учурда Хусейнден кийин Багдадда кандай бийлик орнойт деп камсыгып да турушат.

Шийиттер менен сүннүлөр мусулманчылыктын эки башка мазабына мусап кылышат. Диний уламыштарга ылайык, алар Мукамбет пайгамбардын мураскерлигин талашып, ошондон бери эки салаага ажырап калышкан. Исламдын ичиндеги эзелки бул аразды Ирактагы азыркы режим реалдуу турмушта саясий тажрыйбага айлантып, көңкү калктын алтымыш проценттен ашыгына барабар шийиттерди такай куугунтуктап, баш көтөртпөй басып турат. Бийлик структураларында иш жүзүндө алардын бир да өкүлү жок дешет. Тыңчыкма шийиттердин баарын Багдаддагы режим козголоңчулар катары кодулап, башын бапан, аягын сапан кылып салганга жетишкен. Бийликтин душманы деп атылып кеткен, камакка алынган же дайынсыз жоголгон шийиттердин үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына өкмөт караманча каралашпайт, пенсия же пособие төлөбөйт.

Алтымыш эки жаштагы Саид Мохаммед Радха ал-Газуни бийликке Саддам Хусейндин Баас партиясы келген жылы Кувейтке качып чыккан эле. Ал Ирактагы саясий партиялар менен фракцияларга эзели мүчө болгон эмес. Кувейтке келгени чакан дүкөн сатып алып, соода-сатык менен күн өткөрүп жүрөт. Эгер Саддамдын режими кулатылса, чет жерде, айрыкча Кувейтте жашап жүргөн ирактыктар өткөөл мезгилдин натыйжаларын сабылып күтүшмөкчү, деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына. Согуштан кийинки өзгөрүүлөрдүн кайра жанбастыгына, алардын адилет мүнөзүнө көзү жетсе гана бозгун-тозгун шийиттердин көбү Иракка кайтып барышы мүмкүн. Ылайым эле Саддамдын чылгый коррупцияланган, ылгый криминалга баткан бийлигинин ордуна демократиялык, мусулмандарды кайсы мазапка табынганына карабай тең көргөн, алардын укуктарын урматтаган жана кепилдеген өкмөт түзүлсө деп жараткандан жалбарып тилейм, дейт ал-Газуни.

Ошону менен бирге ал-Газуни шийиттер көксөгөн тартип Иракта бат эле барпаа боло каларына да көп ишене бербейт. Анын үстүнө жаңы согуш тутанса, ал-Газуни бул жолу да Ирактагы инфраструктуранын ыспалдасы чыгат деп эсептейт. Мындай абал калктын жашоосун ого бетер кыйындатат. Эң башкысы, ал-Газунин айтымында, Кошмо Штаттардын согуштан кийинки пландары белгисиз. Иштин ушул жагынан да шийиттер катуу камсыгып жатышат.

Ирактагы шийиттер менен сүннүлөр теги жагынан баары - араптар. Улуту жагынан алганда ирактыктар арасында күрттөр – 20, калган будун-тайпалар 5 процентке жетпейт. Алар да шийиттердей эле Багдаддагы бийликтин репрессиясына кабылган. Өзгөчө күрттөргө Саддам бир ирет химиялык курал колдонуп, апаатка салган. Күртстан патриоттук союзунун куралдуу отрядына башчылык кылып,ошол алааматты өз башынан өткөргөн Мам Ростам бул жолу да Саддам өчүн түндүктөгү тайпалардан алганга аракет кылышы мүмкүн деп чочулайт. Ошондуктан Багдадга каршы “түндүк фронтунун” ачылышы, күрттөрдүн пикири боюнча, Вашингтондун болжолдонуп жаткан аскери операциясынын өтө маанилүү элементи болууга тийиш.

Ирактагы түркмөн тайпасынын өкүлү Майсун Шукри айым бир жагынан согушка каршы,анткени ал ар кандай урушта адатта бейжазык калк жабыркай тургандыгына бөркүндөй ишенет. Ошол эле учурда Саддам Хусейндин режими куласа дегенде Шукринин эки көзү төрт. Ирактагы түркмөндөр, анын айтымында, Багдаддагы бийликти алмаштыруу үчүн өмүрүн сап кылганга даяр. Саддам алмустактан бери түркмөндөр турактаган түндүктөгү Киркук районуна араптарды көчүрүп келип, тургун тайпанын өкүлдөрүн болсо Ирактын түштүгүнө күчкө салып жер оодарып жиберген. Кара майга бай Киркукта азыр түркмөндөр аз калды, дейт Шукри. Эгер Хусейндин режими кулатылса, анда жер которгон түркмөндөрдүн көбү ата-бабанын жерине кайтып келерине Шукри бекем ишенет.
XS
SM
MD
LG