Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КӨКӨЙ КЕСТИ МАСЕЛЕЛЕР


Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад Түштүк Кыргызстандын тургундары баштагыдай эле өзбекстандык кызматтардын жемине айланууда. Чек арага жанаша жайгашкан айыл-кыштактардын тургундары мамлекеттик коргоого муктаж.

Убакытты үнөмдөө максатында Өзбекстандын аймагы аркылуу Карасуу, Ош шаарларына каттаган жалалабаддыктар коңшу өлкөнүн бажы жана чек ара адистеринин мыйзамсыз мамилесине туш болушу жүргүнчүлөрүнүн ырастоосунда көнүмүшкө айланган. Ош калаасында окуган кыздары менен Өзбекстандын Канабад бажы бекетинен эптеп өткөн Токтораалы Бегиматовду коңшу өлкөнүн кызматчылары Карасуу бекетинде акча берүүгө мажбурлап, 2 сааттан ашык убакыт бою кармап турушкан.

- Ал жерден бир будкага алып кирип, камап алып 2 сааттай акча сурашты. Акчаны кыздарыма берип койдум эле, кыздарды өткөрүп ийди. Эч чыгарбай койгондо бирөөнө «кызымды чакыр» дедим. Ал чыгып кеткенде качып чыгып, чуркап өтүп кетип зорго кутулдум, - дейт Токтораалы Бегиматов.

Канабад бекетин күзөтүшкөн өзбекстандык чек арачылар Ош шаарына жөнөгөн Жалалабад облусунун тургуну Айчүрөк Жороева менен анын сапарлаштарынан да акча талап кылышкан.

- Ал жерден бизди солдаттар «карантин» дешип өткөрдү. Алардын максаты - бизден акча алыш. Акчаны алгандан кийин каттап, анан өткөрүшөт. Биз 5-6 адам болчубуз, алар ар бирибизди «20 сомдон бергиле» деди, биз сүйлөшүп 10 сомдон бердик, - дейт ал.

Өзбекстан менен жанаша жайгашкан Кыргызстандагы өзбек айылдарында да толгон-токой көкөй кести маселелер арбын. Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнүн өзбек жарандары байырлаган Чарбак айылын Бириккен Улуттар Уюмунун «Жергиликтүү бийликтин деңгээлинде саясий жана административдик башкаруу» аттуу долбоорунун облустагы адистери «чыр-чатактуу» айыл деп аташат. Биз суроо салганда, бир топ айыл тургундары чочулоо менен айтканына караганда, Өзбекстандык жарандар чек арадан 600 метр оолак турган Чарбак кыштагына өз кызматтарынан текшерүүсү жок, тоскоолдуксуз өтүп келишет да, кыргыз аймагында кумар ойношот, утулганы чыр чыгарып жергиликтүү тургундарга тынчтык беришпейт. Айылдыктар аларды тартипке чакыруудан тайсалдашат. Анткени «кой-ай» деген адамдын үйүнө түнкүсүн таяк менен куралданган өзбекстандыктар өч алганы келишээрин, чарбактыктар жанында жүргөн өзбекстандык балдардан шектенээрин айтышты.

Жогорудагы аталган долбоордун облустагы координатору Жанна Саралаеванын айтымында, Чарбак айылын аралаган өзбекстандык майда балдар кимдин короосунда кандай мал-мүлк, буюму бар экенин күндүз эсебин алышат да, түнкүсүн уурулук жасашат. Арыз-даттанууну териштиргени келген кыргыз милициясын көздөрүнө илишпейт. Өткөн жылы бул айылдан 156 уй жоголгонун чарбактыктар айтып беришкен. Өзбекстандыктар чек арасын тиккенектүү зым, жоокерлери менен бекемдесе, Кыргызстандын ал айылда курал-жарак, транспорт түгүл, байланыш каражаты, атайын кийими да жок. Ветеринардык 2 инспектору гана бар. Жер иштетүүгө зарыл күйүүчү майды, минералдык жер семирткичди, уу химикаттарды, техникалык запастык тетиктерди алар Өзбекстандан сатып алаарын айтышты. Булар айылды коргоо жагын кыргыз өкмөтүнөн күтүшөт. Айылдын башчысы Камчыбек Колдошевдин пикирине караганда, айылга паспорт системасын киргизип, курал-жарактуу милиция, же чек ара бекетин жайгаштыруу керек.
XS
SM
MD
LG