Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

БИШКЕКТЕ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ


25-февралда Бишкекте Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. «Келечек долбоору» аттуу саясий иликтөөлөр фонду уюштурган тегерек үстөлдөгү бул талкуу өлкөдөгү ар кыл көз караштагы жоон топ саясий партиялардын лидерлеринин башын бириктирди.

Тегерек үстөл «Саясий партиялар азыркы Кыргызстандын коомдук институттар системасында» деп аталып, ал партияларга байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн камтуу аракетин жасады. «Келечек долбоору» саясий иликтөөлөр фондунун байкоочулар кеңешинин төрагасы Ишенбай Абдуразаков адегенде талкуу саясий партияларга байланыштуу бышып жетилген маселелерди ачыктап, өлкөнүн саясий турмушуна партиялык өңүттө саресеп салуу максатын көздөй тургандыгын белгиледи. Талкуунун жүрүшүндө тегерек үстөлдүн катышуучулары саясий күрөштүн партиялык формасын эски ыкмалар аркылуу өнүктүрүү мындан ары болбостугуна толугу менен макул болушту. «Жаңы Конституциянын алкагында партиялардын өнүгүү багыттары кандай болушу керек?» деген маселе боюнча негизги докладды Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Менин өлкөм» партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Зайнидин Курманов жасады. Ал өз сөзүндө өлкөдөгү саясий партиялардын өнүгүшүнүн төрт негизги багытын белгиледи.

- Биринчиден, партиялардын санын көбөйтүш керек. Экинчиден, региондордо ар бир партиянын өз өкүлчүлүгү болушу керек. Үчүнчүдөн, партия шайлоого катышышы керек, катышпаса саясий турмушка жол берилбейт. Төртүнчүдөн, демократиялык партиялар болушу керек.

Зайнидин Курманов ошондой эле партияларды каттоо укугун Юстиция министрлигине эмес, Борбордук шайлоо комиссиясына берүүнү, шайлоого эки ирет катышпаган партияны каттоодон чыгарууну, партияларга жергиликтүү шайлоо компанияларына милдеттүү катышууну сунуштады. Анын пикири боюнча, партиялар акырындык менен солчул, оңчул жана чордончул блокторго биригип, алардын жалпы саны болжол менен 15тин тегерегинде болгону ылайыктуу.

Талкууга катышкан депутат, «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз кесиптешинин сунуштарын толук колдогон жок:

- Тараза эл болуш керек да, эл аныкташ керек. Жасалма түрдө, административдик жол менен зордоп партияларды кошуу мүмкүн эмес. Мисалы, кээ бир депутаттар, өкмөт өкүлдөрү «ар бир облуста кеңсеси болгон партия гана катталыш керек» деп айтып атышат. Биринчиден, карапайым калктын өкүлдөрү түзгөн партия ар бир облустан кеңсе таба албайт. Тапса да - эгер оппозициялык партия болсо - бүгүнкү бийликтин кысымы менен кеңсе ээлери ал жерден партияны чыгарып жиберишет. Мына оппозициялык партиялар жыйын өткөрөлү деп, ижарага бир жерден ресторан же чоң зал да ала албай атабыз. Мына ушуга окшогон атайын шарттарды коюш - тигил же бул жакпаган партияны жыга чабыш үчүн ойлоп табылган амалдар.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылынан ушул күнгө чейин Кыргызстанда 41 партия каттоодон өттү. Акыркы жылдары алардын эпсиз көбөйүп кеткендигин белгилеген айрым талдоочулар саясий партиялардын сапаттык деңгээлин кескин сындап жүрүшөт. Коомдук ишмер Муратбек Иманалиевдин пикири боюнча, өлкөгө көп кырдуу саясий партиялар керек:

- Биринчиден, саясий партиялар болбосо саясий маданият болбойт. Экинчиден, демократия өнүкпөйт. Үчүнчүдөн, дегеле цивилизациядан артта калып калабыз. Кээ бир кишилер «үй-бүлөнүн партиясы, уруунун партиясы» деп айтып атышпайбы. Андайлар деле боло берсин. Кайсынысынын кереги бар же жок экенин эл өзү көрөт, айтат.

Өткөөл мезгилде сапатынан саны көп саясий партиялардын болушун кадырэсе көрүнүш катары эсептеген фонддун төрагасы Ишенбай Абдуразаков партиялардын келечеги тууралуу мындай деди:

- Кийинчерээк блокторго бириктирүү деген келет. Партиялык блок болбосо өз-өзүнчө партиялар жашай алышпайт. Алар кодура партиялар да, кыргызча айтканда. Эл партияга ишенип ээрчиш керек. Партиялар эч нерсе кылбаса эл аларды эмнеге ээрчийт?

Ал эми тегерек үстөлгө катышып, сөз сүйлөгөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдын Идилдин пикири боюнча, дүйнөлүк тажрыйбада демократиялык, авторитардык жана революциялык сапаттарды өзүнө камтыган партиялар жашап келатат. Жогорку үч багыт өзүнө сиңирген макамдарды тутуна албаган уюмдарды саясий партия катары саноо мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG