Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЖАРАЯНЫНДА КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРА КЕЛИШИМИ БОЮЧА КАРШЫЛАШКАН ТАРАПТАР КОРУТУНДУ СӨЗ СҮЙЛӨШТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бир нече күндөн бери кыргыз-кытай чек ара келишими Кыргызстандын Конституциялык Сотунда каралууда. Шейшемби күнкү сот жараянында каршылашкан тараптардын айрым өкүлдөрү корутунду сөз сүйлөштү.

Түшкү тыныгууга чейин каршылашкан тараптар «1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдерине чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда чек ара болгонбу же жокпу?» деген суроо боюнча өз жүйөлөрүн келтиришти. Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, судья Абдыбек Суталинов кыргыз-кытай чек арасында талаш-тартыштуу жерлер болгондугун далилилдеген документтер жетишсиз экендигин айтып, өкмөттүн өкүлдөрүнө саат он алтыга чейин, мурда убада кылышкан кошумча документтерди алып келүүнү тапшырышты. Ал эми түштөн кийинки отурумда каршылашкан тараптарга корутунду сөз берилди. Доогерлердин атынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров жана Исмаил Исаков сүйлөп, ал эми аларга каршы пикирин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, ушул эле палатанын депутаты Зайнидин Курманов айтышты.

Исмаил Исаков менен Азимбек Бекназаров адегенде 1996-1999-жылкы кыргыз-кытай чек ара келишимдерине чейин эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекеттик чек ара болгондугун далилдөөгө аракет кылып, дагы бир жолу өз жүйөлөрүн келтиришти. Алардын айтымында, эгемендүүлүк жылдары дүйнө коомчулугу Кыргызстанды, анын 198,5 миң чарчы километр аянтындагы мамлекеттик чек арасы менен кошо тааныган. Ал эми Кыргызстандын мынчалык жери, мамлекеттик чек арасы бар экендиги, Орусия империясы менен Кытайдын ортосунда кол коюлган 1960-жылкы Бээжин келишими, 1964-жылкы Чугучак протоколу, 1881-жылкы Санкт-Петербург келишими, 1882-жылкы Кашкар протоколу, 1884-жылкы Жаңы-Маргалаң протоколдору менен аныкталган. Совет биримдигине кирген республикалар «Совет мамлекетинин мураскору» деп табылгандыктан, Кыргызстанга мурдагы Совет өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы чек ара тилкеси мураска калган.

Мындан тышкары, 1996-99-жылкы чек ара келишимдердин негизинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара сызыгы Какшаал тоосунун бийик кыры менен эмес, Кыргызстан тарапка 20 чакырым ичкери жылдырылган. Мындай жүйөлөрдү келтирүү менен доо арыз ээлери, «Кыргызстандын чек арасын өзгөртүү тууралуу маселе Жогорку Кеңештин кош палатасында конституциялык эмес, жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен ратификациялангандыгы мыйзамсыз» деген пикирин айтышты.

Депутаттардын мындай сөзүнөн соң өкмөттүн талабын талашып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, ушул эле палатанын депутаты Зайнидин Курманов сөз сүйлөштү. Абдыганы Эркебаев оппозициячыл маанайдагы депутаттардын жогорудагыдай сөзүнө карата өз пикирин билдирди:

- «Чек ара» деген сөздү ар ким ар кандай деңгээлде түшүнөт. Чек ара эл аралык мыйзамдарга ылайык аныкталышы керек. Ушул өңүттөн караганда мурдагы Совет биримдиги менен Кытайдын ортосундагы чек ара сызыгы акыры-аягына чейин юридикалык жактан такталып, чийилген эмес. Бул маселе Совет биримдигинин тушунда чечилбей, азыкы күнгө чейин уланып келди. Натыйжада эл аралык укук эрежелерине ылайык эки тараптуу келишим түзүлүп, мыйзамдуу ратификацияланды.

Ошентип, шейшемби күнкү сот жараянында кыргыз-кытай чек арасы боюнча каршылашкан тараптарын алгачкылары сөз сүйлөштү. Ал эми шаршемби күнү аталган маселе боюнча өкмөттүн, президенттик администрациянын өкүлдөрү сөз сүйлөшөт. Андан соң Конституциялык Соттун коллегиясы өзүнүн соңку чечимин чыгарат.
XS
SM
MD
LG