Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

ИРИ ЧАРБАЛАР КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫНА КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөттүн сунушу менен Мыйзам чыгаруу жыйыны айыл чарба продукциясына 20% кошумча нарк салыгын киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алган болчу. Бирок айыл чарба ишканаларынын жетекчилери жана айрым депутаттар бул мыйзам жаңыдан бутуна туруп келе жаткан айыл чарбасын кайрадан кыйын абалга алып келет деп эсептешет. Алар Эл өкүлдөр жыйынын бул мыйзамды колдобогонго чакырып жатышат.

Өкмөт жана Мыйзам чыгаруу жыйыны бул салыкты айыл чарбасына жалпы киргизген жок. Аны дүң продукциясынын көлөмү 300 миң сомдон ашкан гана ири чарбалар төлөшөт. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча андай чарбалардын саны 156 эле. Тагыраак айтканда, алар тара десе да тарабай, дыйкан чарбаларынын бирикмеси болуп атын өзгөртүп, заты мурдагыдай эле колхоз бойдон калган чарбалар. Көпчүлүгү орус калкы басымдуулук кылган Чүй боорундагы айылдарда. Мал-мүлкүнүн баарын болбосо да кыйласын сактап калышкан. Азыр алардын абалы жакшы болуп чыгып, анда иштегендер мурдагыдай болбосо да тарап кеткен дыйкандардын көпчүлүгүнө караганда үй-бүлөсүн тыңыраак багып жатышат. Мындан бир жума мурда алардын өкүлдөрү – Сокулуктун «Рассвет», «Шопоков», Москва районунун «Заветы Ильича», «Чекирсуу», «Россия», Аламүдүн районунун «Ветка» жана Тоңдун «Айкөл» дыйкан чарба бирикмелеринин жетекчилери пресс-конференция өткөрүшүп, эгерде бул салык кире турган болсо айыл чарбасындагы ири ишканалар биротоло талкаланаарын айтып чыгышты.

- Өзүнүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдобой коюу - кылмыш. Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам – бул ири айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү жерге көмүү болуп саналат. Бул алардын өзүнө гана эмес, бүткүл мамлекетке да зыян алып келет, анткени бюджет андан таптакыр киреше албайт, чыгаша гана болот, - дейт «Рассвет» дыйкан чарбалар бирикмесинин төрайымы Екатерина Быцко.

Өкмөт жана Финансы министрлиги кошумча нарк салыгынын ири чарбалар үчүн гана киргизилишин мындайча негиздейт. Алардын ою боюнча, ири чарбалар өз продукциясын өздөрү тышкы рынокко экспорттой алышат. Мыйзам боюнча продукция экспортко кеткен учурда мамлекет кошумча нарк салыгынын айырмасын кайрып берүүгө тийиш. Ошондуктан өкмөт менен Финмин «ири айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү мындан утпаса, алды уттурбайт» деп эсептешет. Ал эми ири чарба жетекчилери өз продукциясын майда дыйкан чарбаларындай эле ортомчуларга сатаарын айтышат. Адистер да аны ырастап, атүгүл товар экспорттолгон учурда, адатта салык инспекциясы салыктын айырмасын компенсация кылып бербей турганын белгилешет.

Екатерина Быцко: «Мамлекеттин тышкы карызы өсүп, кыйын абалда турганын биз түшүнөбүз, ошондуктан биз салыктан качпайбыз», - дейт. Ал Финмин кошумча нарк салыгын киргизбей эле, андан түшчү салыктын суммасына жер салыгын көтөрүп койсо деген ойдо. Анын айтымында жер салыгын 2 эсе көбөйтүп койсо, андан айыл чарбасы эч нерсе деле болуп кетпейт, дыйкан чарбалары үчүн ал жарыбаган акча. Бирок өткөн жылдын күзүндө өкмөт жер салыгын көтөрүү тууралуу демилге көтөрүп, ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык жана бажы төлөмдөр комитети макул болбой койгон.

Кошумча нарк салыгы айыл чарбасы үчүн жаңы деле салык эмес. 1996–жылга чейин салыктын ушул түрүн да, башка түрлөрүн да бүткүл айыл чарбасы төлөп келген. Бирок адистердин айтымында алардан жарытылуу акча түшпөй, өкмөт бир нече салыктын ордуна бир эле салыкты - жер салыгын киргизүүгө аргасыз болгон.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын айыл чарба комитетинин төрагасы Бөрүбай Жураев да бул салыктын кайра киргизилишине каршы. Бөрүбай Жураевдин айтымында, өкмөт «300 миң сомго чейин товар чыгарган чарбалардын саны 156 эле» деп, элди алдап жатат.

- «Бул салыкты 156 ири чарба эле төлөйт» деген сөз болуп жатат. Бул натуура. Биздин эсеп боюнча республикада 461 кооператив бар. Дыйкан чарба бирикмелери, айыл чарба бирикмелери – 684. Үрөн жана тукум чарбасына адистешкен башка бирикмелер – 174. Баарын кошсок 1200дөн ашат. Ушуларды талкалап алабыз. «300 миң сомдон ашпасын» деп, булар майдаланып кетишет. Бир чарба онго бөлүнөт. «Дыйкандар бири-бири менен биригишип, кооператив түзүшсүн, кооператив болсо, жакшы болот экен, алар биригип техника сатып ала алышат экен» деген президенттин указы эмне болот? - дейт Бөрүбай Жураев.

Адатта мыйзам чыккандан кийин ага бардыгы көнүп, канча кыйын болсо да унчукпай калышчу эле. Бул салыктын тегерегинде чыккан чуу ушул убакка чейин басылбай жатканына караганда, аталган мыйзамдын каршылаштары аны Эл өкүлдөр жыйыны өткөрбөй коер бекен деп үмүт кылып жатышкандай. Бирок Эл өкүлдөр жыйыны мыйзамды депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен гана четке кага алат.
XS
SM
MD
LG