Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

АКШлык АСКЕРЛЕР АНКАРАНЫН ЧЕЧИМИН КҮТҮП ЗАРЫГУУДА


Түркия Иракта болжолдонуп жаткан согушка катышчу АКШнын 62 миң аскерине өзүнүн деңиз порттору менен аба базаларын ачып берүүгө даярданууда. Ал үчүн Анкара Вашингтондон финансылык жардам, андан тышкары айрым саясий жана аскерий маселелерде колдоо көрсөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу Түркия-АКШ ортосундагы макулдашууну түрк парламенти жакынкы күндөр ичинде талкуулайт.

Вашингтон Иракта болжолдонуп жаткан согуш учурунда Түркиянын аба базалары менен деңиз портторун пайдалануу тууралуу Анкара менен бир жума бою татаал сүйлөшүүлөр жүргүздү. Бул учурда АКШнын курал-жарак, аскерий техника, ошондой эле 30 миңге чукул аскерин жүктөгөн согуштук кемелери Жер ортолук деңизинде Түркиянын жээктерине жуук аймакта, суу үстүндө Анкара качан макулдугун берет деп, зарыга күтүп турушат. "Ройтерс" маалымат агенттиги жарыялаган АКШ-Түркия аскерий макулдашуусу боюнча, Анкара өлкө аймагында америкалык 62 миң аскерди алдыдагы жарым жылга жайгаштырууга уруксат бермекчи. Андан сырткары Кошмо Штаттары Иракта болжолдонуп жаткан согуш учурунда Түркияга 255 аскерий учагын жана дагы 65 вертолетту кондурууга макулдук сураган.

Маселени түрк парламенти али карай элек. Ага карабастан, 2 жумадан бери америкалык аскерий инженерлер Түркиянын бир нече маанилүү деңиз порттору менен аба базаларын оңдоп-түзөп, алдыңкы техника, жабдыктарды орнотуу иштери менен алек. Андыктан, Түркияда АКШ аскерлерин жайгаштыруу маселеси негизинен чечилип бүтүп калган өңдүү. Анын үстүнө Түркиянын бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоган парламентте көпчүлүктү түзгөн өз партиялаштарын өкмөт жактырган макулдашууну колдоп берүүгө үндөдү:

- Өкмөт Улуу Улуттук жыйынга түрк аскерлерин чет өлкөлөргө жөнөтүүнүн жана чет мамлекеттик аскерлерди Түркияда жайгаштыруунун жол-жоболорун камтыган макулдашууну сунуш кылды, же жакын арада сунуш кылат. Сиздер азыр түрк элин башкарып жаткан өкмөт жети өлчөп бир кесип, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн кызмат кылчу чечим кабыл алганын түшүнөсүздөр деп ойлойм.

Кошмо Штаттары Ирактагы болжолдуу согуш учурунда көрсөтчү көмөгү үчүн Түркияга 30 млрд доллардын тегерегиндеги каражат бөлүштүрүүнү убада кылууда. Анкара андан тышкары өзүнүн миңдеген аскерлерин Ирактын түндүк бөлүгүнө жөнөтүү жөнүндө да шарт койду. Түрк өкмөтү Иракта согуш башталса, ал жактагы күрттөр Түркияга каптап келет, ошондой эле акырындап көз карандысыздык үчүн күрөшүн күчөтсө, түркиялык күрттөр да көтөрүлүшү мүмкүн деп чочулайт. Түркиялык аскерлер 91-жылкы Перс булуңундагы согуштан бери Багдадга баш ийбей калган Ирактын түндүгүндөгү күрттөр жашаган аймактарды көзөмөлгө алып, ал жактан Түркияга келчү качкындардын жолун тозмокчу. Вашингтондук эксперт, мурдагы элчи Петер Галбрайт түрк аскерлери Ирактын түндүгүнө жайгаштырылса, ал өтө жагымсыз окуяларга алып келиши мүмкүн деп эскертет:

- Түрк армиясы күрттөрдүн борбордук аймактарына жакындаса эле, кандуу кагылышуулар чыгып кетеби деп чочулайм. Анда АКШга күрттөр менен түрктөрдүн, о.э. аларды колдогон өнөктөш-өлкөлөрдүн ортосунда арачы болууга туура келет. Мындан эч кандай пайда таппайбыз.

Анын бул сөздөрүн ырастагандай, шаршембиде ирактык күрттөрдүн лидерлери өз аймагына түрк армиясын киргизбей тургандыгын эскертишти.

АКШнын Ирактагы аскерий пландарында маанилүү роль ойногон түрк маселеси, ошентип, кыйла татаал проблемаларга такалууда. Анкаралык "Анадолу" маалымат агенттиги шаршембиде түрк өкмөтүнүн өкүлдөрүнө шилтеме жасап, АКШ-Түркия аскерий макулдашуусунун айрым экономикалык, аскерий жана саясий жагдайлары али чечиле элек деп маалымдады. Вашингтондук аскерий аналитик Уэсли Кларк "Wall Street Journal Europe" басылмасы шаршембиде жарыялаган макаласында Вашингтон-Анкара сүйлөшүүлөрү базардагы соодага айланып баратканына токтолуп, мунун баары акыры Түркияда жайгашчу АКШ аскерлеринин легитимдүүлүгүнөн күмөн жаратат деп белгилейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG