Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Кошмо Штаттары менен анын союздаштары Перс булуңуна аскер топтоп, Иракка согуш ачууга кам көрүүдө. Согуш даярдыгы тараптардын психологиялык таймашы менен коштолууда. Вашингтон Ирак президенти Саддамды Улуттар уюмунун аскерий инспекциясы менен кызматташсын, болбосо согуш болот деп эскертти. Саддам болсо эч жакка кетпей, жоого каршы турарын билдирди.

Байкоочулар күткөн “чечүүчү саат” жакындаган сайын Ирактын тегерегиндеги дипломатиялык, аскерий жана психологиялык таймаш дагы күчөөдө. Кошмо Штаттарынын коргоо министри Доналд Рамсфелд шаршемби күнү “Ал-Жазира” телевидениесине берген интервьюда “Ирак президенти Саддам Хусейн Улуттар уюмунун каруужарак инспекциясы менен кызматташсын же кол куушуруп отурсун, болбосо өлкөдөн чыгып кетсин” деди. Рамсфелд АКШ менен Британиянын буга чейинки сөзүн кайталап, “Ирак куралсызданбай, былтыр ноябрда Коопсуздук кеңеши бекиткен 1441-резолюцияны бузуп жатканын” белгиледи. Резолюция Ирактын биохимиялык жана ядролук куралдарын жок кылганын аскерий инспекцияга тастыктап берүүсүн талап кылат.

Ирактын ырасташынча, өлкөдө массалык кыргын салчу куралдар жок. Бирок АКШ менен Британия Багдад азезил куралдарын жашырып койгонун айтышып, Ирак күч менен куралсыздандырылат дешип коркутушууда.

АКШ, Сауд арабиясы жана башка араб өлкөлөрү согушту болтурбоо максатында өткөн айда Саддамга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуш кылышкан. Кайсы бир араб өлкөсүнө качуу Саддамдын планында жок. Тескерисинче, Ирактан чыгып кеткенче, отурган жайында өлөрүн билдирди. “Саддамга баш паанек берүүнү ыймансыз адамдар сунуш кылат... Ариет-намыс эл алдында болуубузду талап кылат”,- деди Саддам шейшемби күнү Си-би-ес телевидениесинен көрсөтүлгөн интервьюда. Ал, ошондой эле, “Ал- Самуд-2” ракеталарына токтолуп, бул типтеги ракеталар 150 чакырымдан алыска учуп жетпегендиктен, аларды талкалоонун зарылдыгы жок деди.

Бирок, шейшемби күнү премьер-министр Тарык Азиз “Ал-Самуд” ракеталарын жок кылуу маселесин Ирак өкмөтү талкуулап жатканын билдирди. “Чабуулга каршы даярдык уланууда. Бирок бул саясый жана дипломатиялык иштер токтотулду дегенди түшүндүрбөйт”,- деп кошучалады Тарык Азиз.

Улуттар уюмунун каруужарак инспекциясынын башчысы Ханс Бликстин айтымында, “Ал-Самуд” ракеталарын жок кылуу маселеси эл аралык инспекциянын иши эмес. Ракеталарды жок кылуу боюнча сүйлөшүү болушу мүмкүнбү?- деген кабарчылардын суроосуна:

“Ирак менен биздин ортобузда андай сүйлөшүү болбойт”,-

-деп жооп берген Бликс.
Ирак өзүнүн каруужарак программасы боюнча декларацияны 7-декабрда БУУга берген. Мындан тышкары ирак бийликтери үстүбүздөгү апта башында эле БУУнун инспекциясына өз куралдары тууралуу жаңы маалыматтарды тапшырды. Анын ичинде Р-400 авиабомбасы жөнүндө да маалымат бар. Х. Бликстин сөзүнчө, Р-400 бомбасы “биологиялык суюк заттар менен толтурулушу ыктымал”.

Ирак ошондой эле 1991-жылы тыйуу салынган аскерий изилдөөлөргө тиешеси бар кол жазма түрүндөгү материалдарды да инспекцияга берген.
Ак Үйдүн өкүлү Ари Флайшер Ирактын жаңы маалыматтарды ачыкка чыгаруусун кадыресе көрүнүш катары баалап, “балким, Багдад жашырган куралдарын да көрсөтө баштайт” деген үмүтүн билдирди.

Ирак чатагын жөндөө боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинде биримдик жок. АКШ, Британия, Испания жана Болгария Коопсуздук кеңеши Иракка каршы согуш ачууга уруксат берсин десе, Кеңештин калган 11 мүчөсү аскерий инспекция текшерүүсүн улантуусу үчүн кошумча убакыт берүү зарыл деп санашат.

АКШ-Британия башындагы топтун сунушу өтүшү үчүн андай резолюцияны кеңештин 9 мүчөсү колдоп, вето укугуна ээ Франция, Кытай жана Россиянын макулдугун алуу шарт.
XS
SM
MD
LG