Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Быйыл бюджеттик негизде 5 миң адам жогорку окуу жайларына кабыл алынат


БИШКЕК. Мамлекеттик жогорку окуу жайлары 2003-жылы бюджеттик негизде 5 миң бүтүрүүчүнү кабыл алат. Кабыл алуу экзамендери тестирлөөнүн негизинде өлкөнүн региондорунда ачылуучу 34 штабда АКШнын АКСЕЛС агенттигинин жетекчилигинде, Билим жана маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз байкоочулардын катышуусу менен өткөрүлөт. Бул тууралуу шаршембиде Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте өткөрүлгөн жыйында билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова билдирди. Улуттук университеттин басма сөз катчысы Нурбүбү Ашымбаеванын маалыматы боюнча, быйылкы жылы 85 миң окуучу орто мектепти аяктайт. Өлкөдө 43 мамлекеттик жогорку окуу жайы бар.

Кабарлар топтомун Бишкектан даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG