Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жиберди


БИШКЕК. 26-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Өзбекстандын Бишкектеги элчиси Алишер Салахитдинов менен жолугушту. Анда кыргыз министри 23-февралда Баткен облусунун Чоңкара айлына жакын жерде өзбек минасына кыргыз жаранынын жарылып каза болгонуна байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Аскар Айтматов өзбек минасына жарылып, тынч адамдардын жабыркоосу уланып жатканына тынчызданганын, мындай окуялар эки мамлекеттин мамилесине көлөкө түшүрөөрүн билдирген. Бир жактуу түрдө, атайын белгилерди орнотпостон миналарды коюу эл аралык нормаларга каршы келээрин белгилеген министр А. Айтматов, өзбек тараптан мина коюлган талаалардын картасын кыргыз тарапка берүүнү жана мина талааларын тазалоо жагынан чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу шаршембиде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG