Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Марттын башында Кыргызстанга Словакиянын президенти келет


БИШКЕК. 4-марттан 6-мартка чейин Словакиянын президенти Рудольф Шустер Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Мындай кабар 26-февралда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынан алынды. Ал маалыматка караганда, 4-мартта Рудольф Шустер президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана парламенттин кош палатасынын спикерлери менен жолугушат. Иш сапарынын учурунда Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлат деген маалымат бар. Рудольф Шустерге Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессорлук наамы ыйгарылат жана ал 5-мартта Ысыккөл облусунда да болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG