БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев Кытайдын Синцзянь–Уйгур автоном районунда 24-февралда болгон жер титирөөгө байланыштуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин жетекчиси Чжу Жунцзиге көңүл айтуу катын жөнөттү. Бул тууралуу 26-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Николай Танаев жер титирөөдөн каза болгондордун жакындарына өкмөттүн жана өзүнүн атынан көңүл айтып, кырсыктын кесепеттери тез арада жоюлаарына үмүттөнөөрүн билдирди.