Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Израилде жаңы өкмөт түзүлүүдө


Премьер-министр Ариэль Шарон жаңы өкмөттө тышкы иштер министри кылып Сильван Шаломду дайындады. Эл аралык иштерде тажрыйбасы аз Сильван Шалом буга чейин каржы министри болуп иштеген. Ал эми соңку кездери тышкы иштер министринин милдетин аткарып келген Беньямин Нетаньяхуга каржы министрлигин жетектөө сунуш кылынган. Маалыматтарга караганда, "Ликуд" партиясында Ариэль Шарондун атаандашы катары эсептелген Нетаньяху бул кызматтан баш тартат. Өткөн айдын соңундагы шайлоодо Шарондун "Ликуд" партиясы жеңишке жетишкен эле, бирок парламенттик көпчүлүктү түзө алган эмес. Андыктан эми "Ликуд" партиясы коалициялык өкмөттү орточул "Шинуй", оңчул "Улуттук биримдик" жана Улуттук диний партиялар биргелешип түзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG