Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Түндүк Корея өлкө калкына жана армияга согушка даяр турууну эскертти


Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги тараткан билдирүүдө айтылгандай, АКШ менен Түштүк Кореянын март айына белгиленген аскердик машыгуулары Түндүк Кореяга кол салуу үчүн шылтоо болушу мүмкүн. АКШ өткөн аптада Түштүк Корея менен жылдагыдай эле кезектеги аскердик машыгуу өткөрөөрүн жарыялаган. Пхеньян АКШнын америкалык чалгынчы учак алардын аба мейкиндигин бешинчи ирэт бузганы үчүн айыптады.Азырынча Вашингтон мындай ырастоолорду комментарийлей элек. Шаршемби күнү Пекинге келген Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов кытай бийликтери менен Түндүк Корея маселесин да талкууламакчы. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан кризисти чечүү жолдору боюнча Москва менен Пекиндин көз карашы окшош.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG