Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Франция жана Орусия Иракты ракеталарын жок кылууга үндөдү


Француз тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Ирак ракеталар маселесинде инспекторлор менен кызматташуусу абзел. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Грановскинин айтымында, Москва Багдад бир катар пайдалуу, анын ичинде ракеталарды жок кылуу боюнча кадамдарды жасайт деп күтөт. БУУнун курал – жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс Ирактан "ал- Самуд 2" үлгүсүндөгү ракеталарын 1-мартка чейин жок кылууну талап кылган. Ирак маселесин талкуулоону британ парламенти да улантууда. Премьер-министр Тони Блэр шаршембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракты күч менен куралсыздандырууга жол берген экинчи резолюцияны колдооруна ишеним билдирди:
- Менин ишенимимде,биз экинчи резолюцияга колдоо алабыз.Менимче,эмне болот же болбойт деп ой жооруй берүү пайдалуу эмес.
Ал эми француз президенти Жак Ширак Иракты тынчтык ыкмалар менен куралсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрү дагы эле бар экенин белгиледи. Ширак бул тууралуу Испаниянын премьер- министри Хосе Мария Аснар менен Парижде жолуккан соң айтты.
Орусия менен Германия Иракта курал-жарак инспекциясын улантуу жана күчөтүү жөнүндөгү Франциянын сунушун колдоодо. Ал эми АКШ, Британия, Испания биргелешип БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракты күч менен куралсыздандырууну караган резолюциянын долбоорун тапшырган. Шаршемби күнү Ирактын күрддөр көзөмөлдөгөн түндүк бөлүгүндө оппозициялык күчтөрдүн жыйыны башталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG