Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

КОНСТИТУЦИЯЛЫК CОТ КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН КАРООНУ АЯКТООДО


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шаршемби күнү Конституциялык Cот кыргыз-кытай чек ара келишимин кароону дээрлик аяктады. Бул күнкү сот жараянында өкмөттүн өкүлдөрү маалымат беришти. Эми сот өкүмү гана жарыяланышы күтүлөт.

Шаршемби күнкү сот жараянында талаш-тартыштуу маселе боюнча өкмөттүн таламын талашып биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов, президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов, юстиция министринин орун басары Эркин Мамыров жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов кыскача маалымат беришти. Курманбек Осмоновдун айтымында, аталган маселе Жогорку Кеңештин кош палатасына эки өлкөнүн ортосундагы чек араны өзгөртүү эмес, жөн гана «Кыргыз-кытай чек ара келишими» деген ат менен сунуш кылынган. Ошондуктан аталган келишимдер Жогорку Кенеш тарабынанан конституциялык эмес, жөнөкөй көпчүлүк менен мыйзамдуу ратификацияланган. Ал эми тышкы иштер министри Аскар Айтматов «кыргыз дипломаттары эки тараптуу сүйлөшүү мезгилинде жетиштүү аргументтердин негизинде, улуттун кызыкчылыгына жараша аракеттенишкен» деп, оппозиция өкүлдөрүнүн айткандарын төгүндөдү. Анын айтымында, 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдерине чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандайдыр-бир аныкталган чек ара сызыгы болгон эмес. Оппозициячыл маанайдагы депутаттар белгилеген Орусия империясы менен Кытайдын ортосундагы XIX кылымдын экинчи жарымындагы Чугучак, Бээжин, Жаңы Маргалаң келишимдери - Совет биримдиги Орусия империясынын мураскору боло албагандыктан - Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек араны аныктоого негиз болбойт. «Ал эми Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда талаш-тартыштуу жерлер бар экендигине 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдерине алып келген Кытай менен Кыргызстандын өкүлдөрүнөн турган делегациянын сүйлөшүү протоколдору далил боло алат» деп сөзүн аяктады Аскар Айтматов. Андан соң Конституциялык Соттун судьялары соңку чечим чыгарууга кетишти.

Кыргыз-кытай чек ара маселеси Конституциялык Соттун төрт жолку отурумунда каралды. Конституциялык Сотто каршылашкан тараптар өз жүйөлөрүн келтиришти. Негедир шейшемби күнкү отурумда, Конституциялык Соттун судьясы Абдыбек Суталинов «аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн талаштуу маселелерди далилдөө боюнча буга чейинки берген маалыматтары жетишсиз» деген оюн айтып өттү. Ал мындай көз карашын эки тараптын пикирлери угулуп, тараптарга корутунду сөз берүүнүн алдында айтты. Конституциялык Соттун судьясынын мындай пикирине өкмөттүн таламын талашып, сот жараянына катышкан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абыдыганы Эркебаев өз пикирин так айткан жок.

- Конституциялык Соттун судьясы ар кандай пикир айтууга акысы бар. Ага жооп бериш же жооп бербеш биздин акыбыз, - деди Абдыганы Эркебаев.

Сот жараянына катышкан президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаиловдун айтымында, Суталинов оппозициялык маанайдагы депутаттардын сөздөрүнөн улам, өз пикирин эмоция менен билдирген.

- Менин оюмча, судья Суталинов оппозициялык маанайдагы депутаттардын сөздөрүнөн улам ушундай пикир айтты, - деди Анарбек Исмаилов.

Ал эми Конституциялык Соттун судьясынын пикирине карата, сот жараянына катышкан оппозициялык маанайдагы депутаттар башкача көз карашта. Алардын айтымында, судья Суталинов туура пикирин айтты, анткени сот процессинин жүрүшүндө бийлик өкүлдөрү «1996-99-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдерине чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекеттик чек ара болгон эмес» деген көз караштарын далилдей алышкан жок.

Айтор, кандай болгон күндө да азырынча Конституциялык Соттун судьялары кандай чечим чыгараары белгисиз.

XS
SM
MD
LG