Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Рок, рок-н-ролл, жазз дегенде дегенде биз негизинен Батыштан келген, кайсы бир деңгээлде чыгыш элдеринин ой таанымга бөтөн музыка деп түшүнөбүз. Ошол эле убакта якут туугандар рок музыкасынан шамандар добулбас менен сүкүткө түшкөн ритмдерди таап, өздүк рок музыкасын жаратышкан. Бүгүн казак туугандар да казак-рок, казак-жазз менен тажрыйба жүргүзө башташты.

Жаңыл Жусубжан: Борбор азиялык музыкадагы бул жаңы агым менен таанышуудан мурда маданий турмуштагы куш-кабарларга токтололу.

--

Ушул бейшембиде Франциянын Марсель шаарында белгилүү "Стриктли Мундиал" аттуу дүйнөлүк музыка курултайы башталууда. Бул ирет Жер ортолук деңизинин боюнда жашаган элдердин улуттук музыкасына арналган жыйынга Өзбекстандан шаш-макамдын чебери Дильфуза Ибрагимова катышат. Курултайдын чегиндеги семинарларда Ибрагимова тажик, өзбек элдеринин сүймөнчүгү болгон шаш-макам ыр-күүлөрүн испандардын айтылуу фламенгосу менен салыштырмакчы. Дүйнөлүк музыка таануучу Петр Доружка менен ал Маерселге бараткан жолдо телефондон байланыштык. Мен Доружкадан "Стриктли Мундиал" (Stricktly Mundial), "Вомад" (Womad) сыяктуу фестиваль-жыйындар борбор азиялык элдик музыка чеберлери үчүн эмнеси менен кызыктуу болушу мүмкүн деп сурадым.

Петр Доружка: Дүйнөлүк музыка фестивалдарын уюштургандар баары ушул жакка келишет, музыканттардын өнөрлөрүн өз көздөрү менен көрүшөт, тандап алгандары менен келерки сезонго келишим түзүшөт.

Жаңыл Жусубжан: Демек "Стриктли Мундиал" -- aткаруучулар менен концерт уюштуруучулар бир-бирин таба турган жер экен да?

Петр Доружка: "Ооба, дал ошондой".

--

Жаңыл Жусубжан: Февраль айында Италиянын Триест шаарында өткөн кино-фестивалда кыргыз тасмалары да көрсөтүлдү. Италиялык көрөрмандар Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир", "Селкинчек", "Маймыл" үчилтиги, "Аялдама", "Жолбун ит" филмьдери, Марат Сарулунун "Алтын кыргоолу" менен таанышууга мүмкүндүк алышты. Триест фестивалы "Бешкемпирдин" режисеру үчүн кандай жаңылык алып келди экен? Бишкектен телефон аркылуу Актан Арым Кубат буларды билдирди:

Актан Арым Кубат: "Менин фильмдеримди Италияда эмнегедир аз көрсөтүшөт. Бул фестивалда (италиялык кино сүйүүчүлөр) менин чыгармаларым менен жакыныраак тааныша алышты. Мен үчүн башкы жаңылык ушул болду десем болот".

Жаңыл Жусубжан: Жакынкы мезгилде дагы кандай фестивалдарга катышасыңар?

Актан Арым Кубат: "Май айында буюрса Нью-Йорктогу Линкольн маданият борборунда борбор азиялык фильмдердин чоң ретроспективалык көрсөтүүсү болот. Ага менин фильмдеримден тышкары Марат Саруулунун, жаш режисерлор Эрнст Абдыжапаров, Бекжан Айткулов, Темир Бирназаровдун (фильмдери көрсөтүлөт), андан тышкары Төлөмүш Океевдин чоң ретроспективасы болот. Ошондой эле өзбектер, тажиктер, казактар катышат".

Триест кино фестивалында ошондой эле Казакстандан Дарежан Өмирбаевдин "Киллер", Өзбекстандын киноматографисттер союзунун жетекчиси Юсуп Разыковдун "Аялдар салтанатты" аттуу филмдери да көпчүлүктүн сынына коюлду.

--

Жаңыл Жусубжан: Февраль айында Орусияда Казакстандын жылы башталды. Саясий-экономикалык өсүп-өнүгүшү боюнча тең-тайлаш келаткан эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды, биринчи кезекте маданий байланыштарды бекемдөөнү максат кылган бул жөрөлгө тууралуу Маскөөдөн Төрөкул Дооров кабарлайт.

Төрөкул Дооров: Орусиядагы Казакстан жылы ушул айдын 19унда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Маскөөгө иш-сапары менен келген учурда расмий түрдө жарыяланды.

Мамлекеттик Третьяков галереясында үч күн бою жургөн көргөзмө Казакстанда мезгил агымы менен калыптанган жаңы живопись өкүлдөрү С. Калмыков, Е. Сидоркин, С. Мамбеев, Ж. Шарденов жана дагы бир катар сүрөтчүлөрдүн 50гө жакын эмгектерин камтыды. Алардын ичинде Е. Тулепбайдын «Домбрачы», А. Дузелханованын «Казыр баба» жана «Жаз», ошондой эле реалдуу образдар аркылуу терең романтиканы бере алган К. Муллашевдин «Аялзат аурасы» эмгектери орус коомчулугу тарабынан өтө жогору бааланды.

Ал эми 19-февралда Кремлдин музейинде ачылган «Алтын жоокер» көргөзмөсү негизинен тарыхый буюмдар менен толтурулду. Буюмдар биздин доорго чейинки 7-6-кылымдарга таандык. Алардын бири биздин заманга чейинки 5-4-кылымдарда жасалып, Алма-Атага жакын жерден табылган «Алтын жоокер» экспонаты өзгөчө көздун жоосун алат. Андан сырткары, казак зергерлеринин түрдүү баалуу эмгектери коюлган.

Орусиядагы Казахстан жылын ачкан дагы бир маданий иш-чара китеп сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурат. В.И.Ленин атындагы Мамлекеттик китепканада «Дүйнө коомчулугу тарабынан таанылган Казахстан» аталышында китеп көргөзмө ишин баштады. Ал эки өлкөнүн китеп фондусунан 300дон ашуун басылмалар коюлуп, негизинен казак элинин тарыхын, анын түрк тилдүү элдердин тарыхында ээлеген ордун, Чынгызхан менен Амир Темирдын таржымалын, казак хандыктарынын түзүлүүсүн баяндаган китептерден турат. Ошондой эле акын Жамбыл Жамбаев, Абай Кунанбаев, ойчул Жабайхан Абдильдин өңдүү казак интеллигенциясынын белгилуу инсандарынын эмгектери коюлган.

Маданий иш-чаралар мындан ары Орусиянын бир катар региондорунда да өткөрүлөт.

--

Жаңыл Жусубжан: Бүгүнкү маданий кабарлар топтому негизинен борбор азиялык тематикага арналды. Эми "Сыбызгы" уктуруубуздун негизги темасына келели. Шаман рок, казак рок, казак жазз, бул сөз айкаштары кулакка бир аз жаңыча угулат. Бүткүл дүйнөдө миллиондорду, өзгөчө жаштарды багындырган рок-н-рол айрым казак музыканттарын да сыйкырлап алды. "Роксонаки", "Үркөр" топтору батыштык рок музыкасын казак, жалпы эле көчмөн монгол-түрк элдеринин салттуу ыр-күүлөрү менен жуурулуштуруп, музыка дүйнөсүндө жаңы агымга - казак рогуна чыйыр салышууда.

"Роксонаки" тобунун өткөн жайда Вашингтондо койгон концерттерине эл агылып келип, зор ынтаа менен угуп, дуулдата кол чаап кабыл алганын сиздин кабарчы өз көзү менен көрдү. Чындыгында казак-рок бүгүн Казакстанга караганда Батышта көбүрөөк таанымал экендигин баамдоого болот. Бул феноменди кантип түшүндүрүү керек? Учурда борбор азиялык жана сибир көчмөндөрүнүн музыкасы тууралуу китеп жазып жаткан америкалык илимпоз Теодор Левин мындай дейт:

"Бул - өзгөчөлүү адеми музыка, аны түшүнүп, андан ырахат алыш үчүн, угуучунун кеңири музыкалык тажрыйбасы болуш керек. Көпчүлүк "же ойдо жок, же тоодо жок" музыка экен деши мүмкүн. Батышта угармандар ондогон жылдардан бери миң түркүн ар кыл музыканы угуп, бышыкулак болуп бүткөн. Бизде музыканын өтө көп кызыктуу түрлөрү бар. Ошондуктан жаңыча, каймана сөз менен айтканда, чекараларды багынтып, бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө сүңгүп кеткен музыканы ичкен ашын жерге коюп угушат. Анткени калыпка салып койгондой окшош ыргактагы, ташка тамга баскандай эрежелерди эч качан бузбаган музыкадан чарчап бүтүшкөн".

"Роксонаки" тобунун Батыштагы ийгилигине байланыштуу мен дагы бир музыка таануучу, Харвард университетинде казак музыкасын изилдеген Норико Тодага кайрылдым.

Норико Тода: "Казакстанда аларды билбейт деп айтпайт элем. Аларды Алматы сыяктуу чоң шаарларда белишет эле. Ал эми бүткүл Казакстанда белгилүү болуш үчүн, көпчүлүк маалымат каражаттарында чыгып туруш керек. Бирок "Роксонаки" тобу радио-телевидиниеден аз чыгат, гезиттерде ал тууралуу маалымат жокко эсе. Ошондуктан алар андерграунд (көмүскөдөгү) топ болуп калды деп ойлойм. (Ал эми) Батышта дал ушундай андеграунд музыканттарды жакшы көрүшөт. "Роксонакинин" башкы жетишкендиги – анын музыкасында. Ал кадыресе рок музыкага окшобойт, Казакстанда мурдатан мындай музыка болгон эмес. Мындай музыка өз угуучусун тандайт. Ал баарына эле жага бербеши мүмкүн. Бирок Батышта, мен жана айтып кеткендей, мындай сейрек музыканы жакшы көргөндөр аз эмес".

Этнорок, же элдик рок дүйнөдө кеңири тараган көрүнүш, бирок ар бир элдин музыкалык мурасы ар башка болгон соң, алардын рок музыкасы да ар кыл. Сибирдеги түрк элдеринде этно-рок Борбор Азияга караганда мурдараак тамыр жая баштаган. Болжолу, шаманчылык каада-салттарынын таасири сакталып калган тыва, якут, алтай элдерине Батыштан келген рок музыкасы анчалык бөтөн сезилген эмес.

Теодор Левин: (Советтик доордо) Сахада, же мурдагы Якутияда көпчүлүк рокн-ролду бир гана радиодон кыска толкундардан кармап уга алышкан. Алар Батыштык рок-н-роллду шаман музыкасынын бир түрү катары кабылдашкан. Ошондуктан музыканттар ортодогу жалпылыктарга басым жасап, эки музыканы табигый түрдө жуурулуштурушкан.

Маектешибиз батыштык рок-н-ролду аткаргандардын ыргактуу добулбас согушун, белгилүү ыр саптарын улам кайталап, транска түшүшүн якут, тыва музыканттары өз канына сиңген шаманчылык менен окшоштурушканын белгиледи. Бүгүнкү күндө Саха жумуриятында "Чолпон", "Айпал" деген этно-рок топтору бар. Алберт Кувезин түзгөн "Ятха" тобу Батышта бүгүн кеңири белгилүү.

Түрки элдердин рок музыкасынын популярдуулугун арттырган негизги факторлордун бири – көмөкөй менен ырдоо ыкмасы. Адистердин айтымында, тыва, алтай элдеринде советтик мезгилде шамандар менен кошо куугунтукка кабылган бул өнөр пост-советтик доордо кайра жанданды жана бүгүн бир эле киши бир мезгилде эки, үч, алтургай төрт башка добуш менен ырдаган бул ыкма Батышта көп музыка сүйөрмандарын арбап алды. Мына ушул элементти казактардын "Роксонаки" тобуна Эдил Хусейин алып келди. Казактарда, кыргыздардай эле, көмөкөй менен ырдоо дээрлик жок болуп кеткен, Кызлордо тарапта гана айрым ыр-күүлөрдө билинээр-билинбес изи калган шекилдүү. Бирок бүгүн казак музыканттары байыркы түрктөрдө кеңири таркаган бул ыкманы аз-аздап өздөштүрө башташты. "Роксонакинин" солисти Эдил Хусейин көмөкөй менен ырдоону Хакасияга атайын барып, үйрөнүп келген.

Анын аралыгында, Алматыда дагы бир казак-рок тобу - "Үркер" пайда болду. Ошону менен казак шаманчылыгын батыштык музыкалык маданият менен айкаштырган, көчмөн руху менен европалык дүйнө таанымдын ортосунда "көпүрө" курган өнөрпоздор Борбор Азия чөлкөмүндө этно-рокко чыйыр салышууда. Жакында казактар этно жазз менен да бизди таң калтырышат окшойт -- "Роксонаки" тобунун уюштуруучусу жана солисти, таланттуу композитор Руслан Кара азыр афро-америкалыктардан таркап, бара-бара европалык музыкага айланган жаззды казактардын элдик ыр-күү ыргагына салып, казак жаззын жаратуунун үстүнөн иштеп жатат.

"Үркер" тобунун Интернеттеги адреси: http://www.urker.kz/eng/video/index.html
(бул сайттан "Үркердин" аткаруусундагы ырларды да уга аласыз)
XS
SM
MD
LG