Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:31

ЫСЫККӨЛ БИОСФЕРА АЙМАГЫНА КИРДИ


Шейшекан Жаналиева, Каракол Ысыккөл облустук Кеңешинин төрагасы Баттал Бозкөрпөев менен маек.

- Баттал мырза, Ысыккөл биосфера аймагына киргендиги тууралуу Ысыккөл облустук кеңешинин чечимине карата эл арасында кайчы пикирлер айтылууда. Айрыкча автоунаалардан алынуучу акы тууралуу карама-каршы ойлор көп. Маселен, «өзүбүз ысыккөлдүк болуп туруп, Бишкектен, Оштон, Таластан туулуп-өскөн айылыбызга каттаган сайын акча төлөйбүзбү» дегендердин суроолоруна айтаар жообуңузду уксак.

- Биосфералык аймакка кирген автоунаалардан жыйын алуу маселеси облустук кеңештин сессиясында каралган. Бул чечим биосфералык аймактын дирекциясына ушул аймакка кирген автоунаалардын кайсы жерде катталганына жараша кабыл алынган болучу. Өзү көлдүк болуп туруп, Нарын, Чүй, Талас облустарында жашап аткандар көп. Кабыл алынган чечимде ачык жазылган: эгерде облустун аймагына кирип бараткан автоунаа Ысыккөл облусунун каттоосунда турса, анда андан акча алынбайт. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Кыргыз Республикасынын баатырларына, «Манас» орденине татыктуу болгондорго, мурунку Советтер Союзунун баатырларына, Социалисттик эмгектин баатырларына, ошондой эле депутаттарга, Баатыр энелерге, анан согуштун 1-2-группадагы инвалиддердин баарына тең жеңилдик берилген. Алардан биз эч убакта акы албайбыз.

- Өткөн жылы экологиялык бекеттерден канча акча түштү? Ал акча каражаттары кайда жумшалды? «Ысыккөл биосфералык аймагына киргендигинен түшкөн акча каражаттары жеке кызыкчылыкка жумшалат» деген өңдүү пикирге негиз барбы?

- Андай пикирлерге негиз болууга тийиш эмес. Бул жактан түшкөн акча бизде катуу көзөмөлгө алынат. Мындай чечим облустук кеңештин сессиясында кабыл алынган. Экологиялык бекеттерден түшкөн каражаттын 50% облустун аймагындагы жаратылышты коргоо үчүн, калган 50% болсо Ысыккөл биосфералык аймагын өнүктүрүү үчүн бөлүнөт. Биосфералык аймакка кирип аткан жерде 3-4 бекет турат, алардын баары ошонун эсебинен каржыланат. Жолдордун сапатын жакшыртууга да кетти, мындан тышкары көчөт отургузуп, жол жээктерин жасалгалоого да жумшалып жатат. Кыскасы бул акча толугу менен көзөмөлдө.

- Канча акча түшкөнүн айтып койсоңуз?

- Былтыр биз биосфералык аймакты башкаруучу дирекция уюштургандан бери облустун аймагына киргендерден акы алынып келет. Анын тарыхында биринчи жолу 7,5 млн. сом киреше түштү. Ушунун 50% биз дирекцияга бердик. Калган 50% болсо ушул аймактын жаратылышын коргош үчүн пайдаландык.

- Баттал мырза, «экологиялык бекеттерден күнүгө 10 миң сомдон ашык акча түшүп атат» деген маалыматтар бар. Ушул чынбы? Сезон учурунда канча акча түшөт?

- Муну биз атайын банкка өткөрүп бергенбиз. Аны жөн эле экологиялык кызматкерлер албайт, акча негизинен банк аркылуу өтөт. Сезон учурунда, жума, ишемби, жекшемби күндөрү 100-150 миң сомго чейин түшөт. Калган күндөрү 50 миңден 70 миңге чейин, ал эми кышында сезон токтогон учурда 5-10 миң сом акча сутка сайын түшүп, атайын банкка төгүлүп турат. Кирип аткандардын баарына квитанция кыркылып берилет.
XS
SM
MD
LG