Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

ТАЖИКСТАН ДА “ТАКЫЛЕТТИК” ПРЕЗИДЕНТКЕ МУКТАЖ


Тажикстанда быйыл жайда элдик референдум өткөрүлүп, конституциялык бир катар нормалар өзгөртүлөт. Парламенттин өкүлдөр палатасынын кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, атайын комиссия түзүлдү жана ага конституциялык түзөтүүлөрдүн долбоорун талкуулап, тактап чыгуу милдети тапшырылды. Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү депутаттык айрым фракциялар сунуш кылышкан эле. Алар, мисалы, бир адамдын президенттик кызматта турушун белгилүү мөөнөт менен чектеген эреженин конституциядан алынышын зарыл деп эсептешет.

Демилгечилердин жүйөөсү жөпжөнөкөй жана түшүнүктүү: Тажикстанда ич ара басташкан жаңжал басылып, баракатчылык жаңыдан гана барпаа болуп келатат. Мындай шартта мамлекет башчысынын мандатын талашка салып, коомду саясий жактан кайрадан жөөлөштүрүү бир топ опурталдуу иш болору калетсиз. Ошондуктан демилгечилер бир киши президенттик кызматка бир же эки мерте эле шайланат деген норманы негизги мыйзамга азырынча дегеле киргизбей турууну абзел көрүшөт.

Мындай аргументтин артында азыркы президентке ишеним көрсөткөн ишараа турганы талашсыз. Ал эми Эмомали Рахмонов өзү бу маселеде кандай ойдо экени, албетте, демилгечилерди кызыктырбайт, бери эле дегенде алар ушундай түр көрсөтүп жатышат. Бирок анын саясий таржымакалына көз таштап көргөндөр Тажикстанда буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр жана референдумдар эмне себептен өткөрүлгөндүгүн таасын байкай алат. Атап айтканда, Рахмонов адегенде 1992-жылы өлкөнүн Жогорку кеңешинин төрагалыгына шайланган. А кезде Рахмон Набиев президент болчу. Тажик депутаттары ошол эле жылы президенттик институтту жоюу жөнүндө чечимге келип, муну референдум аркылуу тастыктатып алышкан. Бирок арадан эки жыл өткөн соң Рахмоновду президент кылып шайлашкан. Конституциялык акыркы реформа 1999-жылы күздө болгон: элдик референдумда президенттик бийликтин мөөнөтү мурдагы беш жылдан жети жылга узартылган. Ага ылайык, Рахмоновдун азыркы мандаты 2006-жылы бүтөт жана андан соң ал президенттик кызматка таптакыр талапкер боло албайт. Демилгечи-депутаттар быйыл жайга болжолдонуп жаткан референдумда дал ушул норманы алып салууну көздөп жатышат.

Бир катар байкоочулар муну борборазиялык “реформаторлордун” кезектеги саясий “табылгасы” деп аташты. Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын найып төрагасы Мухаммадшариф Химматзоде азыркы Конституциянын 63-статьясында бир эле киши президенттик кызматка жети жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайланат деп аныкталганын эске салды. Андыктан Конституцияны өзгөртүүнү көздөгөндөрдүн сунуштары буга караманча кайчы келет. Демократиялык партиянын өкүлү Рахматтула Валиевдин көз карашында болсо негизги мыйзамдын аталган статьясы өзгөртүлсө,анда Тажикстанды демократиялык, укукчул жана секулярдык мамлекет деп аныктаган ошол эле Конституциянын 1-статьясы да оңдолууга тийиш. Кыргызстандык укук коргоочу Наталья Аблова референдум аркылуу конституцияны өзгөртүп, бийлик мөөнөтүн узартып алган ыкма жалпы региондогу лидерлердин саясий салтына айланып калганын белгиледи. Мунун натыйжасында бийликтин түзүлүшү жана табияты өзгөрдү. Региондогу азыркы өлкөлөрдү, Аблованын баамында, республика деп айтыш кыйын. Алар өзүнчө эле бир эмираттарга окшошуп баратат.

Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Арон Родес бу жагынан региондогу лидерлерге Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов өнөгө-модель болуп жатат деп эсептейт. Ал мындан он бир жылдай мурда гана шайлоо өткөрүмүш болуп, ошондон бери бийлигин такай референдумдун аркасында узартып келатат. Анын ушул усулун акыркы кездерде башка президенттер да абдан активдүү пайдалана баштады. Бу болсо региондогу жалпы саясий маданияттын өрүшүн өстүрбөй, кайра майканын чыгарып жатат. Родес борборазиялык президенттер демократиялык коомдо лидер деген бийликтин утурумдук күзөтчүсү болорун, ушундай мааниде гана элге кызмат кыларын жеткире түшүнө алган жок деп эсептейт. Мунун ордуна алар таптакыр башка саясий маданиятты,айрыкча монархиялык жосун-жолойду ташбыйкаттап, бекемдеп жатышат. Алар өздөрүн өкмөт башында турган убактылуу жетекчи деп эгерим эсептешпейт, алар өздөрүн жалпы коомдун көсөмү, мүлдө журттун жолбашчысы катары санашат, дейт Родес. Буга кошумча, Родестин оюна ылайык, экономикалык кызыкчылык да чоң роль ойноп жатат. Бийликте турган жылдары айрым президенттер эпсиз байлык жыйнап алышты,андыктан аларды туйтунтуп-маарытып жаткан “үкүнүн уясынан” ажырап калганды каалашпайт.

Байкоочулардын эсебинде, борборазияда Сапармурат Ниязов “такылет” президенттердин “төлбашы” делинип жүрөт. Анын соңунан эми тажик лидери Рахмонов региондогу биринчи “мөөнөтсүз” президент аталып калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG