Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы өсүүдө


Бейшемби күнү эл аралык базарда мунайдын бир баррелинин наркы 40 долларга чейин жетти. Бул - акыркы 12 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Адистер баанын жогорулашын Ирактагы ыктымал согушка жана андан улам мунай тартыштыгы чыгабы деген кооптонууларга байланыштырууда. ОПЕКтин Баш катчысы Альваро Сильва Кальдерондун билдиргенине караганда, уюмга кирген өлкөлөр Ирактагы ыктымал согуштан улам мунай тартыштыгы пайда болсо аны четтетүүгө жөндөмдүү. ОПЕКтин Баш катчысы белгилегендей, мунай баасы экономикалык себептерден эмес, чайкоочулуктан улам жогорулоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG