Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Армениянын бийликтерин сынга алды


ЕККУ Армениянын бийликтерин өткөн аптанын шаршембисинде болгон президенттик шайлоодон кийин демонстрацияга чыккан жүздөй адамды камакка алганы үчүн айыптоодо. Уюмдун Еревандагы өкүлү Петер Айхердин айтымында, камалгандар 15 суткага кесилип, сотто аларга адвокат берилген эмес. Өткөн дем алыш күндөрү Ереванда оң миңдеген адамдар демонстрацияга чыккан эле. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген демонстранттар президент Роберт Кочаряндын шайлоодогу башкы атаандашы,оппозициячыл талапкер Степан Демирчян жеңүүчү деп жарыяланышын талап кылышкан. Расмий маалымат боюнча биринчи айлампада Р. Кочарян 49,5%, С. Демирчян 28,22% добуш топтогон. Шайлоонун экинчи айлампасы 5- мартта өтөт.

XS
SM
MD
LG