Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан Кипрдин грек жана түрк бөлүгүнүн жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрүүдө


Сүйлөшүүлөрдүн бейшемби күнкү айлампасы процедуралык иштерге арналып, аралдын биригүү маселеси боюнча кыскача пикир алмашуулар менен аяктады. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Кипрдин грек, түрк бөлүгүнүн лидерлери Тассос Пападопулос жана Рауф Денкташ менен аралдын биригүүсү боюнча өзү сунуш кылган планды талкуулап жатат. Улуттар Уюму биригүү планы боюнча эки тараптын мунасага жетүүсүнүн акыркы чеги катары быйылкы жылдын 28–февралын белгилеген.Бирок Кофи Аннандын айтымында, мөөнөт дагы бир аптага узартылышы мүмкүн. Сүйлөшүүлөр эртең улантылат. БУУ мындан 29 жыл мурун экиге бөлүнгөн Кипр келерки жылы Европа Биримдигине кошулганга чейин биригүүсүн көздөөдө. Бүгүн Кипрдин баш калаасы Никосияда 70 миңдей кипрлик түрктөр демонстрацияга чыгып, БУУнун планына колдоо көргөзүштү.

XS
SM
MD
LG