Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ КРИЗИС


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдиги акыркы мезгилге чейин атайын иштелип чыккан бирдиктүү тышкы саясат жүргүзгөн эмес жана анын кереги да жок болчу. Бирок уюмга жаңы мүчөлөр кошулуп жана өзгөчө азыркы Ирак окуялары менен байланыштуу мүчө-мамлекеттер ортосундагы пикир келишпөөчүлүк бир кыйла орчундуу кризиске алып келди.

Кансыз согуш учурунда Европа Биримдигине он-чакты гана мамлекет мүчө болчу жана алардын саясий түзүлүшү менен саясаты да дээрлик бирдей болгондуктан, уюмдун бирдиктүү тышкы саясатын иштеп чыгууда зарылчылык болгон эмес. Тек кана, кээ бир маселелерге карата Европа менен Америка Кошмо Штаттарынын пикири ар башка болуп калчу, бирок жалпы душман - коммунизмге каршы биргелешип күрөшүү керек болгондуктан, андай талаш-тартыштар кризиске жетчү эмес.

Жалпы душман жоголгондон кийин болсо, океандын артындагы АКШ бүткүл дүйнөлүк саясатта үстөмдүк кылууга киришти жана бир чети дал ошол себептен Европа Биримдиги өзүнө жаңы мүчөлөрдү кабыл ала баштаган, анткени АКШ менен салыштырганда, европалык мамлекеттердин ар биринин салмагы өтө жеңил болчу.

Андан тышкары, Европанын өзүндө да бир топ орчундуу кризистер башталды жана европалык мамлекеттер өздөрү гана эмес, Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар дагы уюм катары аларды чечүүгө кудуретсиз болуп чыкты. Балкан жарым аралындагы бир нече согуш жана анын уландысы катары Косово аймагында башталган кыргын - АКШнын талабы менен Югославияга каршы НАТО уюмунун аскерий соккусу менен гана аяктады.

Дал ошол 1999-жылы Европа Биримдигинин жетекчилигинде жаңы кызмат түзүлүп, уюмдун тышкы саясатын аныктоочу болуп ал кызматка НАТОнун мурдагы баш катчысы Хавье Солана дайындалган. Андан соң былтыр уюмга дагы он жумурият жаңы мүчө болууга чакырылды жана ошол эле мезгилде Ирак окуялары башталып, Европа Биримдиги кризиске батты. Ирак маселесин АКШ өзү жалгыз чече тургандай аракеттенүүдө жана ал тууралуу бир нече жолу ачык эле айтып, аны колдогон чечим кабыл албаган Бириккен Улуттар Уюмун да сынга алды. Улуу Британия, Испания жана Италия АКШга колдоо көрсөтүүдө, бирок Алмания менен Франция согушка каршы.

Ирак маселеси боюнча европалык өлкөлөрдүн экиге бөлүнгөнүнөн чыккан кризис - уюмга кирүүгө талапкер өлкөлөрдүн көпчүлүгү АКШны колдоп чыкканы менен ого бетер күчөдү жана 17-февралда Брюссель шаарында өткөн уюмдун кезексиз саммитинде Франция президенти Жак Ширак аларды катуу сынга алды. Саммиттин жыйынтыгында Багдаддын куралсыздануусун Европа Биримдиги уюм катары талап кылды, бирок Ирактагы эл аралык инспекция дагы уланыш керек деп, Саддам Хусейнге каршы согуш баштоого азырынча каршы болууда.

Кризис аяктады деп Жак Ширак саммит учурунда айтканы менен, кийин Хавье Солана андай билдирүүнү жокко чыгарды: "Кээ бир учурларда бирдиктүү тышкы саясат боюнча бир пикирге келүү мүмкүн болбой жатат. Тынчтык жана согуш маселелери чечилип жатканда, мындай абал өзгөчө кейиштүү. Биз бирдиктүү саясат жүргүзүш керекпиз. Бирок анте албай жатабыз".

Брюсселдеги "Европалык саясат борборунун" башчысы Жон Палмердин айтымында, маселе өтө орчундуу: "Биринчи караганда, маселе Ирак менен байланыштуу сыяктуу көрүнөт, бирок ал чындыгында андан татаал. Маселе - америкалык жетекчилик бардык маселелерди өзү жалгыз чечүүгө аракеттенип жатканы менен байланыштуу жана европалык өлкөлөр дал ушул маселе боюнча экиге бөлүнүүдө".

Чыгыш Европалык жумурияттардын турумун түшүнсө болот - алар күчтүү АКШны колдоодо. Бирок Палмердин айтымында, Улуу Британия деле толугу менен АКШ тарапта эмес. Анын пикиринде, коомчулук алдында толугу менен Вошингтонду колдоп, АКШнын шериги болуп көрүнүү менен Лондон Вошингтонго алда канча күчтүү таасир кыла алам деген ойдо.
XS
SM
MD
LG