Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

Баткен облусунун борборун таза суу менен камсыз кылуу боюнча аракеттер көрүлүүдө


БАТКЕН. Баткен шаарынын башчысы Абдыкалык Сейитказиевден 27-февралда алынган маалыматка караганда, бул маселени чечиш үчүн жазылган долбоорду Азия Өнүктүрүү Банкы колдой турган болду. Долбоордун жалпы наркы - 50 млн. сом. Бул акчанын 5% шаар калкынан жыйналышы керек. Учурда мындай каражатты топтош үчүн шаар бийлиги элге кайрылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Долбоор ишке ашса, шаар калкы облус борборунан 40 чакырымдай аралыктан келген тоо суусуна карк болушмакчы. Бүгүнкү күндө облус борборундагы элди таза суу менен камсыздоо жагы өтө начар. Шаар калкына таза суу күнүгө 2 саат гана берилгени аз келгенсип, көпчүлүк убакта 2-3 күндөп суу чыкпай калган учурлар да болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG