Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Талас радиосунун уктурууларынын убактысы дагы кыскарды


ТАЛАС. 27-февралдан баштап Талас радиосунун уктурууларынын убактысы дагы кыскарды. Өткөн жылдын сентябрынан баштап 4 ай токтоп, декабрдын аягында кайра обого чыга баштаган Талас радиосунун 1 саат 45 мүнөттүк программасы мындан ары жумасына бир саатка гана обого чыгат. КТРдин жана облустук бийликтин мындай кадамга барышына Байланыш министрлигинин тарифтерди кымбаттатканы башкы себеп болду. Кыргыз радиосунун курамындагы Талас радиосу 1981-жылы уюшулган жана жумасына 4 ирет обого чыгып, 3 сааттык программа даярдап турчу.

XS
SM
MD
LG