Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Президент А. Акаев эл аралык эки уюмдун жетекчилери менен жолугушту


БИШКЕК. 27-февралда президент Аскар Акаев ЮНИСЕФ уюмунун Чыгыш, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү боюнча Женевадагы аймактык кеңсесинин башчысы Филипп О Брайен менен жолугушуп, балдардын ден-соолугуна жана аларды жакырчылыктан чыгарууга байланыштуу маселелерди талкуулады. О Брайен кыргыз өкмөтү менен кызматташуунун кийинки беш жылдык программасын талкуулаш үчүн Бишкекке 26-февралда келген. Кыргыз өкмөтү менен кызматташуунун алгачкы беш жылдык программасы 2003-жылы аяктайт.
Ушул эле күнү президент А.Акаев Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештердин президенти (АКСЕЛС) Дэн Дэвидсонду кабыл алды. Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештер Кыргызстан менен 1993-жылдан бери кызматташып келатат.

XS
SM
MD
LG