Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Тышкы иштер министри «Ганси» авиабазасынын аскерлери менен жолугушат


БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов 1-мартта «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн жоокерлери жана офицерлери менен жолугушуп, аларга коалицияга кирген мамлекеттердин эл аралык терроризмге каршы күрөштөгү аракеттерине байланыштуу доклад жасайт. Өз сөзүндө тышкы иштер министри эл аралык терроризмге каршы күрөштөгү Кыргызстандын ордуна, Ирактагы кырдаалга жана ал боюнча Кыргызстандын көз карашына да токтолот. Мындан тышкары, А. Айтматов аскер кызматкерлеринин суроолоруна жооп берет. Коалициянын аскер кызматкерлери менен боло турган бул жолугушуу жабык эшик артында өтөт. Мындай маалымат 27-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Министрликтин Батыш өлкөлөрү жана ЕККУ боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, А. Айтматов бул жолу Ганси авиабазасынын жетекчилиги менен жекече жолугушпайт. Авиабазанын Кыргызстанда кала турган мөөнөтү тууралуу да сөз болбойт.

XS
SM
MD
LG