Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Митинг өткөрүүгө райондук бийлик тыюу салды


БИШКЕК. Ирак согушуна каршы пикирдеги жарандардын митинг өткөрүшүнө Бишкек шаарынын заң-мыйзамдары жол бербейт. Башкалаанын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясы «Акыл-эс, рух жана ыйман» коомуна 26-февралда ушундай маанидеги жооп жөнөттү. Бул уюм өткөн аптада райондун жетекчилигине Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылган митинг өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган. Райондук бийлик өз жообун Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна негиздеген. Шаардык кеңеш шаардыктардын бейгам жашоосун жана коопсуздугун камсыздоо максатында митингдерди, пикеттерди жана жүрүштөрдү убактылуу токтотуу жөнүндөгү токтомун былтыр 30-ноябрда кабыл алган. Мындай токтомдун кабыл алынышына Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитети былтыр ноябрь айында уюштурган нааразылык акциялары, Аксы-Бишкек жөө жүрүшү себеп болгон.

XS
SM
MD
LG