БИШКЕК. Бейшемби күнү Кыргызстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү пенсиялык системаны реформалоонун жаңы долбоору менен тааныштырды. Министрдин маалыматына караганда, 2003-жылдан баштап Кыргызстанда пенсия топтоо системасы киргизилет. Ага ылайык, буга чейин жумушка жарамдуу ар бир адам өзүнүн маянасынын 7,5% Социалдык фондго төлөп келсе, мындан ары анын өлчөмү 1% жогорулатылат. Ошол 1% акча баалуу кагаздар түрүндө же акчалай түрдө ар бир адамдын жеке наамында мамлекеттик банктарда сакталат. Министрдин айтымында, бара-бара мындай акчанын өлчөмү көбөйтүлөт. Ар бир адам каалаган убакта өзүнүн канча акча топтогонун билгенге акысы бар.