Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Бишкекте соттордун республикалык кеңешмеси өттү


БИШКЕК. Бейшемби күнү Бишкекте Конституциянын жаңы редакциясындагы сот системасына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу соттордун республикалык кеңешмеси өттү. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары катышты. Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына адам укугуна жана сот системасына байланыштуу өзүнчө беренелер киргизилгенин айтып өттү. Президенттин айтымында, Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, алардын шайлануу мөөнөтү үч жылдан жети жылга узартылып, кол тийбестик укугу берилди. Мамлекет башчысы ушундай эле максатта кийин соттордун маянасы 50% көбөйтүлө турганын кошумчалады. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мурдагы Арбитраждык Сот жоюлуп, Жогорку Соттун курамына кирүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG