Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 27-февралда Ирак маселеси боюнча талкуу өткөрдү, бирок бир чечимге азырынча келе элек. Мексика жана Чилинин өкүлдөрүнүн айтымында, Кеңешке туруктуу мүчө болгон беш өлкө бир-бири менен сүйлөшүп мунасага келиш керек, антпегенде маселени чечүү кыйын.

Иракта ноябрдан бери иштеп жаткан эл аралык инспекторлордун иши тууралуу алардын башчысы Ханс Бликс Бириккен Улуттарга 28-январда жана 14-февралда отчет берген жана эки жолу тең кеңири кыруучу куралдын изин текшерүүчүлөр Ирактааны таппаганын билдирген. Бирок аны менен катар Бликс эки жолу тең Ирак өкмөтү инспекторлор менен толук кандуу кызматташпай жатат деп да Багдадды күнөөлөгөн. Үчүнчү отчет 7-мартка белгиленүүдө, бирок анын тексти Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө биринчи-экинчи мартта таратылат. 27-февралдын кечинде болсо Багдад өзүнүн "Ал-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарын жок кылууга макул блду.

Ал эми 24-февралда Коопсуздук Кеңешине эки башка сунуш түшrкөн. Анын бири - Иракка каршы күч колдонууну жактырган жана Кеңеш тарабынан кабыл алына турган резолюциянын долбоору. Аны Америка Кошмо Штаттары, Испания жана Улуу Британия даярдаган. Экинчи документ - Иракты куралсыздандыруу багытында мүмкүн болушунча тынчтык ыкмаларын колдонууну талап кылган меморандум жана аны Алмания, Орусия, Франция даярдаган. 27-февралда Коопсуздук Кеңеши дал ушу эки сунушту жабык эшик артында талкуулады. АКШ, Британия, Орусия жана Франция - Кеңештин беш туруктуу мүчөсүнүн төртөө жана алардын ар бири вето укугуна ээ.

"Азаттык" үналгысынын Нью-Йорк шаарындагы кабарчысы Роберт Макмагон билдиргенге караганда, тараптар өздөрүнүн мурдагы турумдарында калды жана Кеңештин туруктуу эмес он мүчөсү ал тууралуу тынчсыздана баштады. Мексика менен Чили өкүлдөрүнүн пикиринде, туруктуу мүчөлөрдүн келишпес туруму Бириккен Улуттардын ишине зыян гана келтирүүдө.

Чилинин Бириккен Улуттардагы өкүлү Гэйбриел Валдездин айтымында, кандайдыр бир мунасаны сөзсүз табуу керек: "Экиге бөлүнгөн Кеңеш, чындап айтканда, маселени чечүү жоопкерчилигин Кеңештин туруктуу эмес, шайланган мүчөлөрүнө жүктөп салууда. Кеңештин туруктуу мүчөлөрү өз айтканынан кайтпастан, мунаса табуу багытында эч аракет көрбөй жатат".

Мексика менен Чилинин өкүлдөрү журналисттерге жыйындан кийин айтканга караганда, Канада 27-февралда Коопсуздук Кеңешине жаңы сунуш киргизди. Ал сунуш боюнча, эл аралык инспекторлорго 28-мартка чейин кошумча убакыт берилиш керек жана Бириккен Улуттар Ирак боюнча акыркы чечимди 31-мартта кабыл алууга тийиш.

Бээжинде жүргөн Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов болсо, Иракка каршы согуш баштоого Маскөө каршы экенин 28-февралда дагы бир жолу кайталады: "Ирак маселесин күч колдонуу менен чечүүгө түз же кыйыр түрдө жол берген резолюциянын кабыл алынышына Орусия каршы. Орусия вето укугуна ээ экенин унутпаш керек. Эл аралык стабилдүүлүктү сактоо керек болсо, Орусия андай укуктан, албетте, пайдаланат".

Ал эми Америка Кошмо Штаттары согушка даярдык көрүүнү улантууда жана Ооганстан менен Чыгыш Африкадагы аскерлерин кошкондо, Ирактын айланасына 225 миң адамдан турган армия топтоду. Бардыгы болуп АКШнын учак конуучу 12 кемеси бар жана алардын алтоо Перс булуңуна жөнөтүлдү. Улуу Британиянын аймагындагы базаларга "Б-2" үлгүсүндөгү бомба таштоочу америкалык учактар да келе баштады, "Стелс" деп аталган ал учактарды радарлар кармай албайт. 1-март күнү Түркия парламенти америкалык аскерлерди өлкө аймагында жайгаштырууга макул болуу маселесин карайт. Андай уруксат берилсе, Түркияга 62 миң АКШ аскери келиши мүмкүн жана алар Иракка каршы түндүк тараптан чабуул жасай алат.
XS
SM
MD
LG